Баракелде - Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков «Демократия үчүн өнөктөштүк» комиссиясынын төрагасы Дэвид Драйер башында турган АКШ Конгрессинин өкүлчүлүк палатасынын делегациясын кабыл алып, эки өлкө ортосундагы алаканы арттыруу багытында пикир алышты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Ахматбек Келдибеков меймандарга иш сапары менен жергебизге келип, кыргыз парламентинин иши менен жакындан таанышып жатышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен өзүм дагы жакында эле АКШ Президентинин атайын чакыруусу менен Америкада болуп, Ишаарат ишчарасына катышып келдим. Кыргызстан бийликтин парламенттик башкаруу таризин тандап алгандыктан, биркатар конгрессмендер менен жолугуп, парламентаризм жана демократия маселелери боюнча ой бөлүштүк. Мага абдан жакты», - дейт ал.
Ал эми Дэвид Драйер мырза делегация курамында АКШ Конгрессинин каржы тармагында иш алпарган мүчөлөр арбын болгондуктан, алар Кыргызстандын бюджетине кызыга тургандыгын айтты. «АКШ бир жылдык бюджет менен иштеп келет. Бирок, ал анчалык натыйжалуу болбогондуктан, келечекте эки жылдык бюджетке өтсөкпү деп турабыз. Ошону менен бирге, салыкты жөнөкөйлөтүүнүн үстүндө да иштеп жатабыз», - дейт ал.
Ахматбек Келдибеков Кыргызстан үч жылдык орто мөөнөттүү бюджет менен иштеп жаткандыгын, баштагы пландуу экономикадан мурас калган 16 салык түрүнүн жарымы кыскартылып, азыр 8 гана салык түрү калганын билдирди. Ушу тапта киреше салыгы да 20 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. «Бир сөз менен айтканда, Кыргызстан мурдагы союздук республикалардын ичинде эң либералдуу Салык кодексине ээ. Ага дагы биркатар түзөтүүлөрдү киргизүү демилгелери көтөрүлүүдө», - дейт ал.
Жолугушуу соңунда тараптар мындан ары да эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык байлынышты чыңдоо, өзара тажырыйба алмашуу жаатында катташып туруу чечимине келишти. Анткени, биз биргелешкен аракет аркылуу гана демократия менен парламентаризм салттарын бекемдей алабыз.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)