Баракелде - Башкы прокуратура тарабынан 2012-жылы кыйноолор боюнча 54 кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары алты укук коргоо кызматкерине айып угузулган.
Кечээ, 22-февралда Бишкекте эл аралык уюмдар менен биргеликте кыйноолорго каршы Стамбул протоколун талкуулоо учурунда айтылгандай, Башкы прокуратура кыйноо фактыларын далилдөө кыйын болуп жатканын, арыз ээлери кайра баш тарткан учурлар арбын экенин билдирди.
Өткөн жылы кыйноо фактылары боюнча Башкы прокуратурага 298 кайрылуу түшкөн. Булардын ичинен 54 факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Укук коргоочулар кыйноолордун 80% ашууну милиция тарабынан болорун белгилеп келишет.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)