Баракелде - Мындай макулдашуу өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун Астана шаарында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу учурунда айтылды.
Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Назарбаев Казакстандын аймагына кирип, каттоодон өткөн Кыргызстан жарандары үчүн мурдагыдай 30 күн эмес, 90 күн жүрүүсүнө макулдук берди. Тараптар кызматташуу, кыргыз-казак чек арасына кошумча өткөрмө бекеттерин ачуу жана эки тараптуу инвестициялык фондду март айына чейин каттоо меселелерин сүйлөштү.
Эске салсак, премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстан өкмөт башчысы Карим Масимовдун чакыруусу менен 21-февралда барган.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (3)