Баракелде - Кечээ, 22-февралда Кыргызстандын өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Казакстанга болгон 2 күндүк иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунду Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын түштүк облустарынын биринде заманбап мектептин курулушун каржылоо демилгесин билдирди.
Өз кезегинде Ө.Бабанов Н.Назарбаевге жакшы тосуп алгандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирип, талкууга алынып, макулдашылган маселелердин баары ишке ашаарына канааттанарын билдирди.
Казакстандын башчысы Кыргызстан элине жакшы каалоолорун айтып, эки өлкөнүн бар туугандык мамилелеринин өнүгө бере тургандыгына ишендирип кетти.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)