Баракелде - ӨКМге караштуу Гидрометеорология агенттигинин болжолдоосуна ылайык, кар көчкү түшүү коркунучун күчөтүүчү абалдын түзүлгөнүнө байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдары, ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-60 жана 75-150-чакырымдарында кыймыл коопсуздугун камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө үчүн 23-февралдан 27-февралга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап түшүрүү зарылдыгы келип чыкты.
Буга байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргоонун башчысы – премьер-министрдин 21-февралдагы №6 буйругу чыккан. Ага ылайык, кар көчкүлөрүн атайылап аткылап түшүрүү иш-чараларын тиешелүү министрликтер уюштурушат.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)