Баракелде - Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында кар көп жаагандыгына байланыштуу мал-жандыктарын тоют менен камсыз кылуу оор абалга келди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу өкмөт башчысынын буйругунун негизинде, мал-жандыктарды тоют менен камсыз кылуу максатында 19-февралда Фрунзе жана Жаңы-Жер айыл округдарынан ӨКМ 12 даана жүк ташуучу унаага 150 тонна арпа, 4 жүк ташуучу унаага 1 миң 500 даана түк чөп жүктөлүп, 22-февралда саат 16:45те Ош шаарына ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборуна келип, андан ары Чоң-Алай районуна жөнөп кетишти.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)