Баракелде - Негизинен мен Абдрахмановдун берген маектерине көп деле көңүл бура бербеймин. Бирок биздин партия жөнүндө жазылган маалыматтардын ар бирине терең маани берип тактап койчу жайым бар, деп билдирди «Асманпресс» гезитинин 23-февралда чыккан санындагы маегинде «Ата Мекен» фракциясынан депутат Бактыбек Калмаматов.
«Себеби, партиянын атынан шайланган депутат, же болбосо мүчөсү катары партия жөнүндө жазылган сөздөрдү ар бирибиз жөнүндө жазылгандай кабыл алабыз. Партиябыздын омоктуулугу да, партиялаштарыбыздын ынтымактуулугу да ушундан улам. Мына ушундай көрүнүштөрдүн бири катары Абдрахмановдун кээ бир гезиттерге берген маектеринин көбү эле баш этеги жок жалган сөздөр экенин далилдеген жоопторду берип койсом чычалап кеткенби, айтор мени душман көрүп гезиттен-гезитке жамандап баштады. «Бир айылды башкарганга акылы жетсе аксакал дейт экен, бир үй-бүлөнү башкарганга акылы жетсе абышка дейт экен, эч кимге сөзү өтпөгөн, жада калса өзүн башкара албай калган адамдарды чал деп коёт экен». Ошондуктан ким болбосун карыганда алжыбай, акылы менен болгону жакшы. Экинчиден эч кимге сөзү өтпөй алжып калган чалдардын мени таануусуна муктаждыгым жок. Тескерисинче андай чалдар мени тааныймын десе уялам. Жогорку Кеңешке Абдрахманов, Дабдрахмановдорго окшогондорго таанылыш үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылганы келгемин», - дейт депутат.
- Карылык жөнүндө сөз козгоп калдыңыз. Лидериңер да бир топ жашка барып калды го?..
- Саясатта адамдын карылыгын анын жашы менен ченөөгө болбойт. Саясатчынын курагын коомго болгон көз карашынын курчтугу менен, өзгөчө ой жүгүртүүсү менен ченеген туура болсо керек. Партия лидери саясатта өзгөчө жана жаны багыттарды сунуштоо менен жаш саясатчыларды алдына салдыртпайт. Анткен менен жаштарга көп басым жасайт. Анан калса жаштар - Кыргызстандын стратегиялык ресурсу деп айтып келет.
- Баса ММКларда сизди киллер деп айткан макалага көзүм илинди эле…
- Ал адам менин партияга жана партия лидерине болушуп жатканымдан улам айтып жатса керек. 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партиянын тизмесине Абдрахмановду киргизбөө талабы менен ачык чыккандардын бири мен болчумун. Жаш болсом да ошондо эле жаңылышпаган экенмин. Учурунда Абдрахманов партияга бир диван берген экен. Лидерибиз ошону бетине кармап «бизге диван берген деп» акырына чейин коргоп тизме менен депутат да кылды. Партиялаштары куугунтукталып жатканда куйругун түйүп Америкага качып кеткен коён жүрөк адам экенине карабай колдогон партиясына жана партия лидерине рахмат айткандын ордуна бүгүн каяша сүйлөп, суу ичкен кудугуна түкүрүп жатат. Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун партиянын депутаты да, жөнөкөй мүчөлөрү да партиянын тартибин бузбайт. Абдрахманов оозунан суусу куюлуп айтып жаткан ашынган демократ Америкада да ушундай. Мен ким бирөөчө болуп кимдир бирөөнүн заказын аткарган жерим жок. Партия мени колдоп депутат кылган мен партияны колдоого да коргоого да милдетүүмүн.
- Мына ошол сиздин Текебаевдин таламын талашууңузду кесиптешиңиз «куюшканга кыпчылуу» деп сүрөттөдү…
- Эки нерсени так айта алам. Биринчиси куюшкан аттарда болот. Экинчиси Текебаев да, мен да өзүбүздү адамдардын катарында көрөбүз. Ал эми айбандардай ой жүгүрткөндөр өздөрүн куюшкандуу атка теңеп жатса, мен алардын эсине кыргыздын бир накыл сөзүн салып койгум келет. Айбан болсо да «ат чөп жеген акырын булгабайт». Кимдин ким экенин эл өзү таразалап алат.
- Ал сизди Текебаевдин айтканын кыңк этпей аткарып жатат деп жатпайбы…
- Биринчиден Текебаев мага аны айт муну айт деп үйрөткөндөй мен Абдрахмановдой өз акылыма өзүмдүн күчүм жетпей калгандай алжыган чал эмесмин. Текебаев Абдрахмановду Америкада эс алып жүргөн жеринен алып келип, бир диваны үчүн депутат кылган. А мени болсо партиянын идеологиясына суугарылып, партиянын ар бир ийгилигине күрөшкөнүм үчүн жаштардын квотасы менен депутаттыка алып келген. Эгер акыл эси соо болсо Текебаевди мага караганда Абдрахманов көбүрөк угуп, айтканын эки кылбаш керек. Ал анткендин ордуна жапайы акылын Текебаев менен теңештиргиси келет. Үчүнчүдөн Манас атабызды «бандит» десе да, улуу залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун кызын, кесиптешин депутат Ш.Айтматованы «девочка по вызову» десе да, биз сыймыктанган Алай канышасы Курманжан Датка энебизди «сойку» десе да, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары депутат А.Сасыкбаеваны, министрди, депутаттарды, журналисттерди көзгө илбей ашата сөксө да, лидерибиз көз жаздымда калтырып жатпайбы. Бул деген Абдрахмановду ачыктан ачык колдоо да. Ал эми Абдрахманов өз лидерин колдомок турсун кордоп жатпайбы… Эл арасында мындайды «көрбөсө көзү көр болот» деп коёт. Абдрахмановдун мындай кылыгы үчүн мен депутат демек тургай адам деп айтууга да оозум барбай калды. Мен Текебаевдин ордунда болсом, колдогонду токтотуп эчак эле элге салып бермекмин «бышырып жегиле» деп. Дагы Текебаев экен анын адам болуусунан үмүтү үзүлбөгөн.



дын "Бактыбек, Өмүрбек Чиркешович, бир диванга ЖКнын мандатын кармата коёр оён эмес, миң дивандын акысын лидериң ашап койду дегенге ынанса болот.Абдырахмановдун ашатып, оскорблять эткенине бышы кулак болуп, унчукпаганына караганда,Текебаевде бир мандем бар.Качан, каерде болбосун сени "фас" деп тукуруп койгонуна караганда, базаркоргондук Өмөн акем, акылынан да куулук амалы күчтүүбү деп калдык.Ширин,Асиянын ыйман-ынсабына, ар-намысына шек келтирип жатса, өздөрү деле ачык айтып, сазайын бергенге кудурети жетет эле." деп айткандрына толук кошулам. Демейде чырылдап чына калчу Текебаев билген бир нерсеси бар, ошон учун куноолуу болуп унчукпай отурат да. овчаркасына ФАС деп коюп






















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (15)