Баракелде - 2012-жылдын биринчи кварталында «Ошэлектро» ачык акционердик коому электр энергиясын уурдоого жол берген жана энергияны мыйзамсыз пайдаланган 580ден ашуун ишти сот органдарына өткөргөн.
«Ош электр» ишканасынан «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысына билдиргендей, мыйзамсыз пайдаланылган уурдалган энергиянын суммасы 15,9 млн сомду түзөт.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун жашоочусу энергияны уурдагандыгы үчүн 1 жылга шарттуу түрдө соттолду. Мындан сырткары, бир канча абонетке айып салынган.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык