Баракелде - Ысык-Көл областынын альпинисттер курама командасынын уюштуруу тобунун демилгеси менен өткөрүлүүчү салтка айланган «Альпиниада-2012» иш-чарасы өткөрүлүп, ага Бишкектин «Союз пешеходного туризма» жана КГУСТАнын туризм факультетинин альпинисттери катышып жатышат.
Бул маалыматты альпинисттик жүрүштүн катышуучусу Азамат Айтбаев билдирди.
Анын айтымында, алар алгачкы жүрүштү ийгиликтүү аяктап келишти. Бул жолу альпинисттерТескей Ала Тоонун деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан Комсомол сокусун багындырышты. Мөңгүгө чыгууга 200гө жакын альпинисттер катышты.
Ал күнү жаш альпинисттер сыноодон өтүп, «Альпинист» төш белгисин жана кубогун алуу укугуна ээ болушту.
«Альпиниада-2012» туристтик мааракеси 30-апрелден 9-майга чейин уланат.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык