Баракелде - ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевдин тегерегинде да бир топ чуулар жаралып, апрель окуясынан кийин ага бир катар кылмыш иштери козголгонун билебиз, деп жазылган «Кербен» гезитинин 8-майда чыккан санында.
Анда айтылгандай, кийинки учурда кылмыш иштери анын ден соолугуна байланыштуу токтолгону аз келгенсип, суракта Таластагы окуяда ал жабыр тартуучу катары гана өткөнүн көпчүлүгү биле бербейт.
Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан чууда да катыштыгы бар деп суралып жүргөн.
Гезитке маалым болгондой, Конгантиев Башкы прокуратуранын тергөөчүсүнүн уруксатын алып, эми Москвага учуп кетиптир. Ал жерден оорусуна байланыштуу кеңеш угуп, анан дарыланып келет дешүүдө.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык