Баракелде - Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков согуш жана оорук ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Төраганын куттуктоо тексти:
Урматтуу мекендештер!
Ардактуу согуш ардагерлери жана оорук эмгекчилери!
Биз үчүн Улуу Жеңиш күнүнүн мааниси зор. 9-Май – миллиондогон адам баласынын оор кайгы менен зор кубанычы аралаш жаралган улуу майрам. Кан майданда каза болгондордун, дүйнөдөн көзү өткөн маркум согуш жана оорук ардагерлеринин, азыр да биз менен аралашып жүргөн ардактуу карыяларыбыздын чыныгы эрдигине таң беребиз, башты ийип миң мертебе таазим кылабыз.
Жогорку Кеңеш депутаттарынын атынан жалпы мекендештерибизге, майданчыларга, маркумдардын жесирлери менен бала-бакыраларына, оорук эмгекчилерине чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын.
Согуш ардагерлеринин катары жылдан-жылга суюлуп барат. Канткен күндө да, аталарыбыздын эрдиги эчендеген урпактардын учугу узун уламышына айланып, келечек муундарга чыныгы баатырлыктын үлгүсү катары кала бере тургандыгына ишенем.
Аталарыбыз кан-жан аябастан жер жүзүндөгү тынчтыкты, мекенинин көз карандысыздыгын, өз урпактарынын келечегин сактап калды. Биз аны өзүбүздүн иштиктүү аракетибиз, ийги иштерибиз аркылуу актоого тийишпиз.
Урматтуу согуш ардагерлери жана оорук эмгекчилери!
Мындан ары да арабызда аман жүрүп, карыялык нускаңыздардан жазбай, журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти чыңдай беришиңиздерге тилектешмин. Баарыңыздар чың ден соолукта болуп, бакубат өмүр сүрүңүздөр.
Дагы бир ирет – Жеңиш майрамыңыздар кут болсун, урматтуу мекендештер!




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык