Баракелде - «Республика» саясий партиясынын борбордук штабына, Советтер Союзунун Батыры Чолпонбай Түлөбердиев менен бир полкто кызмат өтөгөн, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Лев Шпота келип кетти. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шпота Лев Алексеевич 1922-жылы 6-сентябрда туулган. Советтер Союзунун Батыры Чолпонбай Түлөбердиев менен бир полкто кызмат кылган.
Партиянын Жаштар канаты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эскерүү видео-архивин КР Мамлекеттик архивине өткөрүп бергени даярдашты жана интернет тармактарында жайгаштырышты. Ошондой эле эскерүү видео-архив дискин Бишкек шаарынын бардык мектептерине, ЖОЖ тапшырышты, андан сырткары Георгиев байламчаларын жана ардагерлердин эрдиктери тууралуу маалымат баракчаларын таркатышты.
7-майда, «Республиканын» борбордук штабына жаштар менен жолугушууга согуштун ардагерлери: Шпота Лев Алексеевич, Мясникова Нина Ивановна, жана Гамова Матрена Федосеевналар келишти. Жөө аскерлер кызматында бирге кызмат кылган Лев Шпота жана Нина Мясникова арадан 67 жыл өткөндөн кийин жолугушуп согуш күндөрү жөнүндө эскерүүлөрдү тартуулашты. Согуштун ардагерлери жаштар менен согуш башталган учурду, коркуу, калыбына келбес
жоготуу мезгилин жана эч нерсеге теңегис, көптөн күткөн Жеңиш жөнүндө айтып эскеришти.
1942-жылы августта Дон дарыясынын жээгинде Лев Алексеевич кызыл аскер Чолпонбай Түлөбердиев менен биргеликте кызмат өтөгөн. 6-август түнгө карай катардагы жоокер Түлөбердиев жаракатка карабай пулемёттун амбразурасына денесин таштап, бир канча секундга мөндүрдөй жааган окторду токтотуп калган. Бул кичинекей убакытта жоокерлер каршылаштарынын пулемётторун жок кылууга жана басып алуу коркунучундагы жерлерди сактап калууга үлгүрүшкөн. Мына ушундай күжүрмөн эрдиги жөнүндө ардагер Лев Шпота сыймыктануу менен жердешин айтып берди.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык