Баракелде - Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев «Энергетика жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзам энергетика тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр энергиясына тарифтерди бекитүүдө Жогорку Кеңештин макулдугун алууга милдеттендирет. «Энергетика жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди. Электр энергиясына тарифтерди өзгөртүүнүн экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алуу менен элект энергиясына бааларды белгилөөгө парламенттин ролу күчөтүлдү.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык