Баракелде - Кыргызстанда эркек жарандар мамлекеттик кызматтарга аскердик кызмат өтөгөндөн кийин гана кабыл алууну талап кылган нормалар иштелип чыкты, деп маалымдады депутат Исмаил Исаков 22-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынынында.
Мындай маалыматты депутат «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун тааныштырып жатып айтты.
«Бул мыйзам долбоору менен 5-6 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Долбоорго ылайык, Бажы кызматына, Салык кызматына, укук коргоо органдарына эркек адамдар аскер кызматынан өтөгөндөн кийин кызматка кирүү укук бар деген норма киргизилип жатат. Азыркы кезде жаштар арасында партиотизм, Мекенге болгон парз жоголуп, аскердик кызмат өтөөгө аз адам барып жатат. Аскердик кызматтын маанисин көтөрүү, жаштардын руханий жана материалдык байлыгын жогорулатуу максатында ушундай нормаларды киргизип жатабыз. Бул мыйзам долбоору аялдарга тиешеси жок, эркектер гана аскерден кызмат өтөп келгенден кийин мамлекеттик кызматка орношо алат деп жатабыз», - деди ал.
Натыйжда, бул мыйзам долбоору колдоого алынып, жалпы жыйындарга жиберилди.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык