
Баракелде - Бүгүн, 22-майда Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын жыйындар залында КР президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги «Кыргыз Республикасындагы энелер күнүн белгилөө» боюнча №93 Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад ОИИБнын милиция кызматкерлеринин энелерин жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин аялдарын, ветеран-эжелерди сыйлоо үчүн атайын салтанаттуу кече уюштурулду.
Жалал-Абад ОИИБ басма сөз катчысы Талайбек Сусунбаев билдиргендей, кечени ОИИБ жетекчиси Малик Нурдинов ачты.
Ошондой эле 2010-жылдын июнь окуясында Базар-Коргон районунда кызмат өтөө учурунда каза болгон Сулайманов Мыктыбектин аялы Бечелова Чынараны, 2006-жылы Жалал-Абад шаарында террорчулардын колунан каза болгон Турсунбаев Мамасыдыктын аялы Бектемирова Кимсан эжени, каза болгон кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкери милициянын подполковниги Кокчоев Адылдын аялы Изенова Гульнараны жана ошондой эле ички иштер органынын ветеран-аялдарын - Закирова Дилбарды, Асанова Асылканды атайын даярдалган сыйлыктар менен сыйлады.
Кеченин аягында энелер үчүн ыр дестелер тартууланып, чай уюштурулуп берилди.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык