20 май 2013, 23:00
 
Каттоо


 
Кызматтан бошотулган бир катар милиция кызматкерлери министр З.Рысалиевге нааразы болуп, парламентке кайрылышты
22 май 2012, 12:28

Баракелде - Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында 22-майда 2010-2011-жылдары жумуштан мыйзамсыз бошотулган Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин кайрылуулары каралды.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтымында, он чактыдай милиция кызматкерлер коллегиянын чечими менен кызматтан алынган, 3 кызматкерге кылмыш иши козголгон. «Ал эми Улан Рыспеков өзүнүн арызы менен кызматтан бошотулган, Момунов 3 млн сомду жеп койгондугу үчүн кызматтан алынган. Ал эми Кулуев Мадияр 2011-жылы 23-мартта террорчулардын колунан 3 милиция кызматкери каза болгондугунан, коллегиянын чечими менен Октябрь РИИБ башчылыгынан жумуштан алынган. Эки жолу аны кызматка койгонбуз, бирок аны жамаат кабыл албай жатат», - деди министр.

Жыйында кызматтан алынган, нааразы болгон милиция кызматкерлеринин атынан Мадияр Кулуев сөз сүйлөп, мыйзамсыз кызматтан алынгандыгын билдирди. Ошондой эле ал Жогорку соттон утуп алгандыгын айтып, азыр ага 1,5 жылдан бери ишсиз жүргөндүгү боюнча 144 миң сом айлык төлөп жатышкандыгын айтты. «Мени террорчулардын колунан каза болгон үч милиция кызматкерлери үчүн кызматтан алышты. Министр «кызматтан өз ыктыярын менен кетип калбасаң, мени депутаттар жеп коет деп айткан. Өздүк курам мени кабыл албай жатышат деп саботаж жасашты. Бул боюнча эмне үчүн Башкы прокуратура баа бербейт?», - деп нааразы болду.

Натыйжада, комитет мүчөлөрү эки тараптын көз карашын уккан соң, Башкы прокуратурага бул маселеге укуктук баа берүү боюнча тапшырма берип, маселени жалпы жыйындардын талкуусуна койду.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык

 
20 май 2013
18:39   Эртең Нарын шаарында К.Муратбековду өз ордуна калтырууну талап кылган митинг өтөт18:20   Жумгал районунун тургундары К.Муратбековду кызматтан бошотпоо тууралуу кайрылуу жөнөтүштү (фото)17:40   «Ырыс алды - ынтымак» көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2012-жылдагы отчетун канааттандырды16:45   Ж.Сатыбалдиев: И.Чунуевди кызматында кармап турууга эч кандай кызыкчылык жок, кемчиликтери болсо чара көрөбүз16:12   Ж.Сатыбалдиев: Нарын облусунун жетекчиси К.Муратбековдун иши боюнча эч кандай дооматым жок14:44   А.Батукаевдин иши боюнча түзүлгөн комиссия эки күндөн кийин корутундусун чыгарат12:57   Э.Булекбаев: АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборун Кыргызстандан чыгаруу боюнча билдирме жылдын аягында жөнөтүлсө 2014-жылы борбор чыкпай калышы мүмкүн12:49   ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети өкмөттүн жылдык отчетун канааттандырарлык деп тапты12:44   Бийликтин КСДП фракциясы да ичинен ирип бараткандай12:22   Ж.Сатыбалдиев: Жумушунда катачылык кетирген акимдерди сөзсүз жумуштан алабыз
17 май 2013
17:40   Билим, илим, маданият, спорт жана дин саясаты боюнча комитети өкмөттүн 2012-жылдагы ишин канааттандырарлык деп баалады16:27   С.Раев: Маалымат агенттиктерди ЖМК катары катталышы керек15:54   Өкмөт 23-майда Жогорку Кеңеште отчет берет15:52   Ж.Сатыбалдиев укук коргоо органдарына Чоң-Алай жана Ала-Бука райондорунда жаңжалды уюштургандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну тапшырды15:06   Вице-спикер Т.Зулпукаров: А.Сулайманов экөөбүздүн ортобузда катуу тиреш болуп жатат, дегендерди чындыкка чакырам15:05   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары дайындалды15:03   «Республика» жоюлуп кетсе, айла жок мен башка партияга киришим мүмкүн, - депутат М.Сабиров14:37   А.Келдибековду Каржы комитетинин төрагалыгынан алуу маселеси жакында кайрадан каралышы мүмкүн , - З.Жоошбеков14:32   З.Жоошбеков: Барактыктарга өзбек тараптан тымызын түрдө да, ачык түрдө да үстөмдүк бар14:20   Э.Алымбеков: Р.Сабировдун пара менен кармалганы, саясий атаандашуу, күрөштүн негизиндеги «постанова» болуп калдыбы деген ой бар14:00   «Республика» фракциясы үчкө бөлүндү13:43   Кызындай болгон кесиптешинен кагуу жеген Т.Балтабаев13:35   И.Илмиянов эң жакын басылмалары аркылуу Д.Нарынбаевдин айласын алты кетирип баштаптыр13:31   Полковник М.Акматбеков премьер-министрдин көңүлүн таап ала коюптур, - «Ачык саясат»13:16   Шайлоолорго дайыма катышпаган 1 млн 200 миңге жакын адамдын эсебинен жасалма добуштар кошулуп кетет, - БШК12:40   Ф.Кулов: Ө.Суваналиевге кызмат сунуштагам, бирок ал баш тартып койгон11:58   Ф.Кулов «Ар-Намыс» партиясынын бөлүнүүсү тууралуу ушактарга токтолду11:50   Эл ишенген эл өкүлү жаш аял алуу боюнча азыркы саясатчылардан алдына киши чыгарбай келет, - «Агым»11:40   Ф.Кулов: А.Жапаров түштүккө барып, 20 адамды чогултуп «Ар-Намыс» партиясынын жетекчисин алмаштырууну сунуштаганда, аны кубалып жиберишкен11:35   Социал-демократчылар Ч.Турсунбековду фракция лидерлигинен кетирүүгө билек түрүнө киришишти11:28   Токтогул районунун акимине О.Артыкбаев «күлүгүн» таптаган кези11:11   Ө.Бабанов өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиевге «ор» казууга киришти10:54   Б.Мамырова: Мактана турган эч нерсе жасай алган жокпуз, болгону иш бөлмөлөрдөгү сүрөттөр, фамилиялар алмашты10:45   И.Гаипкулов салык тармагын тейлеп жатабы?10:41   К.Дыйканбаевдин оозу менен «Республиканын» жетекчилигинин оюну жүрүп атканы сокурга деле көрүнүп турат10:36   Ажылык сапардан миллиондорду кантип «адалдаганын» тастыктоочу документ «ар-намысчы» К.Осмоналиевдин колуна тийди дейт10:29   Ф.Куловдун аялы Ф.Абдарсулова партиянын ишине ашкере кийлигишип, «ар-намысчылардын» кучунашын карматууда10:17   КСДП фракциясы өкмөттүн 2012-жылдагы иши боюнча отчетту карабай тургандыгын билдиршити09:20   Премьердин ордуна Т.Сарпашевдин талапкерлиги ажо тарабынан сунуш кылынышы мүмкүндүгүн айтылууда09:07   Нарындын Чет-Нура айыл аймагынын тургундары айыл өкмөт башчысы мыйзамсыз шайлангандыгын айтышууда
16 май 2013
18:01   А.Батукаев боюнча депутаттык комиссия криматалыкты бошотуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону жана бир катар кызматкерлерди кызматтан алууну сунуштоодо17:26   К.Ташиев: Мага эстелик тургузууну каалаган жарандардын оюн колдобойм17:03   Депутаттык топтордун ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди16:43   Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык алмашуу болду (тактоо)16:06   Э.Байсалов: К.Султанов өкмөттүн ишин түшүнбөгөн, күчсүз, министрдин дэңгээлинде тура албаган киши экенине ынандым16:04   Чоң-Алайда сабалган аким А.Ашыралиев райондук ооруканада, тергөө иштери жүргүзүлүүдө15:37   Таластын чоң токоюнда менмин деген «черныйлардын» чоң жыйыны болду, - «Асман press»15:30   М.Мырзакматов эртең менен мэриянын ишинен кабар алып коюп, партиясы менен алек, - «Асман press»15:08   Азыркы учурда чиновниктерде бир айыккыс оору пайда болду, - Ө.Абдрахманов15:02   Ө.Текебаев: АКШнын Максимдин ишин жаап салышы кооптонууну жаратат
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2013
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.