Баракелде - Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча айыпталып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатып каза болгон МАИ кызматкери А.Эшбаевдин үстүнөн соттук териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу «Азат.kg» гезити 24-майда чыккан санында жазган.
Анда жазылгандай, мыйзамга ылайык кылмышка шектүү адамдын каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулса деле болмок. Бирок жабырлануучу тараптын адвокаты Кайрат Загибаевдин билдиргенине караганда, каза болгон Эшбаевдин жакындары мындайга макул болбой, анын күнөөсү бар же жок экендигин сот аныктап берүүсүн талап кылышыптыр.
«Биз да жабырлануучу тараптын талабы менен толук макулбуз. Себеби, А.Эшбаев «20 доллар пара талап кылды» - деген Смирнов атуу айдоочунун арызы боюнча кармалып, камалып, каза болуп, андан кийин чындык издеп чыккан Эшбаевдин кесиптештеринен 67 кызматкердин «жаза» алуусу менен аяктаган бул кылмыш ишинде акылга сыйбай турган жана мыйзамга каршы келген жагдайлар көп», - деп жазат гезит.
Басылма жазгандай, анын барын тактап өз ордуна келтирип, өлгөн адамга дагы кошумча жаман атты болуп калуу эки эселеген азап экендигин түшүнүшүбүз керек.
«Жактоочу К.Загибаев кылмыш иши менен таанышып чыккан соң Жазык-процесстик кодексинин бир нече беренелериндеги талаптар бузулгандыгын айтып, «Эшбаев кимдир бирөөнүн куйругун баскан, ошондуктан анын көзүн тазалоону чечишкен» деп билдирүү жасоодо. Демек, жактоочу минтип айтып жатканына караганда анын да бир жүйөөлөрү бар болсо керек?! Эгер маркумга коюлган айып далилденбей кала турган болсо, анда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бир тобунун «башы» ыргыйт го!..», - деп жазат гезит.





















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык