18 май 2013, 11:45
 
Каттоо


 
ЖоКедеги чырмоок, чалкан, уйгак, ышкын, мать-и-мачеха депутаттар
24 май 2012, 17:50

Баракелде - «Параграф» гезитинин 24-майдагы санында азил иретинде Жогорку Кеңештеги депутаттарына ыйгарылган аттары жөнүндө маалымат чыгарды.

Чырмоок

Асилбек Жээнбеков

Атамбаевдин бийлигине Жээнбековдор чырмоокко айланышты. Араб мамлекеттеринде элчи болуп жүргөн акасы Жусупбек Шарипов, Ошто губернатор болуп жүргөн акасы Сооронбай Жээнбеков, парламентте спикер болуп жүргөн өзү баш болуп Атамбаевдин бийлигин чырмооктой чырмап келатышат. Чырмоокторду түп тамырынан жулуп ыргытса деле өсө берет. Чырмооктор турганда коррупцияга каршы күрөшөбүз деген бекер эле.

Чалкан

Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Чиркешович Акаевдик бийликке да, Бакиевдик бийликке да чалкан болуп, чагып келген. Бүгүнкү күнү да чалкандыгынан жазган жок. Ал маселени туура коюп жаңы мыйзам даярдап жатканы кыргыз элин кубандырат. Эмне үчүн миң сом пара алган майда чиновник он жылга кесилип, миллиондорду алгандар кутуруп, ал эми миллиарддарды жеген Акаев менен Бакиев жылуу-жумшак жүрүшү керек? Кармап келалбайбы, жок дегенде сыртынан соттоп коюшса элдин көксөсү суумак.

Күн карама

Чыныбай Турсунбеков

Акаев күн болуп мылжыйып турганда Чыныкең аны карап мылжыйып, ундан бизнес кылып алды. Бакиев күн болуп куйкалап турганда, башкалар куйкаланса да Чыныкең куйкаланган жок. Бакиевге башын ийип эстеликтей катты. КСДПга канча берип, Атамбаевге жакканын айта элек. Бирок, күн карама дале күндү карап турганы бышык.

Камгак

Феликс Кулов

Феликең камгактай учуп Акаевдин бийлигинин убайын көрдү. Камгактай учуп вице-президент болду, губернатор болду, министр болду, мэр болду. Андан башка мыкты жумуш калбай калып, камгак камакты көздөй талпактады. Камактагы камгакты март революциясы чыгарды эле, премьер-министрге жорголоду. Аяктан үйлөп ийди эле мини-ГЭСтин жетекчисине ыраазы болуп, коңулга кирген. Акылбек Жапаров коңулдан сүйрөп чыгып, кааласа фракция жетекчиси кылат, каалабаса камгактай үйлөп ийет экен.

Мать-и-мачеха

Ирина КАРАМУШКИНА

Госпожа Карамушкина кыргыз тилинин “мать-и-мачехасына” айланып баратат. Аны бир айга Тошкентке же Тбилициге командировкага жибериш керек. Онояктан келгенден кийин, анан кыргыз тилине “мать-и-мачеха” болгонун көрө жатабыз. Болбосо “баурдас” Астанага барса деле, казакча билбесе талаада калаарын эсине салып коёлу.

Роза

Роза Акназарова

Розалар кыргыздардын кадыр-баркын дүйнөлүк деңгээлге чыгарып келатат. Роза Отунбаева, тоюз Роза Акназарова дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн чыгаан саясатчы. Биз кыргыздар өсүш үчүн Розаларды жана розаларды көбөйтүшүбүз керек. Албетте, кыздарыбыздын атын Роза деп коё берсек эле Розалар көбөйөт дечи. Бирок ал наристе Розаларды Розалардай билимдүү кылып өстүрүп, тарбиялоо оңой иш эмес.

Бетеге

Ахматбек Келдибеков

“Бектер кетет эл калат, бетеге кетет жер калат” дейт, жаш кезинен саясатка аралашкан Ахматбек мырза канча ирет бетеге болуп белди калтырып кетип, бийликте канча ирет гүлдөп чыкты. Анын эркин убагында Бакиевдик-Садыркуловдук бийлик да сындыра алган эмес. Ош окуяларында өзүнүн эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүп элдин ишенимине ээ болгон. Чындыгы кыргызда Ахматбек мырзадай чыгаан саясатчы жок. Ошондуктан, бийликтегилер өздөрүнөн акылдуу адамдардан чоочуп турушат.

Ышкын

Камчыбек Ташиев

Ышкын кыргыздын улуттук тамагы болсо, Камчыбек Ташиев кыргыздын улуттук сыймыгына айланып баратат. Кыргыз эли деле СССР менен бирге Сталинди көрдү, Андроповду көрдү, Путинди сыртынан көрүп турат. Мамлекетти бир гана күчтүү инсан жакырчылык сазынан сүйрөп чыгат. “Үйдө баатыр, жоодо жок” мылжыйган коркок мамлекет башчылары Ак үйдө баатыр боло беришет. Ош окуясынын убагында Отунбаевадан башка бийликтегилер Ошко басып барышкандан коркуп турганда, Камчыбек мырза Туу болуп ызы-чууну басуу үчүн, октон да кайра тарткан эмес.

Кызгалдак

Камила Талиева

Кызгалдак тез эле күбүлүп түшүп калат. Бакиевдин убагында суйкайып сулуулугу менен Акмат Бакиевдин жетегинде губенатордун орун басарына чейин жеткен Талиева, апрель революциясынан соң талма болуп, күбүлүп түшкөн. Кулов көтөрүп чыкса, Куловду күбүйм деп кайрадан күбүлүп түштү. Азыркы мезгилде күбүлгөн кызгалдактай абалда жүрөт.

Беде

Бөдөш Мамырова

Беде бир тамыр жайган жерде өмүр боюу тамырын жыйбаган көп жылдык техникалык өсүмдүк. Бедеш тоюз, Дөдөш тоюз, Бөдөш Мамырова бир жерге тамырын кенен жайган саясатчы. Ал “Ар-Намыска” Талиевага окшоп талмасы кармаганда эле келген жок. Ал Куловго окшоп камгактай учпай, Жапаровго окшоп Таластан жаманатты болбой эле бир позицияда бекем келатат.

Уйгак

Жылдызкан Жолдошева

Жылдызкан айым бир жабышкан жерге уйгактай гана жабышат. Сүйлөгөнү да куйкумдуу күйгүзүп, өрттөп жиберет. Микрофонду болсо менчиктештирип алам деп Юстиция министрлигинде жүрөт деп угабыз. Уйгактай жабышып атып бийликтегилердин да жүрөгүнүн сары суусун алды. Ошондуктан, бийликтегилер аны уйгактай жабыштырып алышып кайда болсо да, илээлештирип жүрүшөт.

Мандалак

Динара Исаева

Жылдызкан айымдай микрофонду көздөй жулунбаганы менен Динара Исаева өз жерине барганда мандалактай жайнап, Жайыл баатырдын эстелигин каржылап, элим деген күйүп-бышып кызмат кылып келатат. Суу көтөрүп келаткан үч эне : “Кимдин баласы мыкты?“ деп, бир карыяны калыс кылышат экен. Биринчиси оңкосунан-тоңкосунан кетип, оюн коюп бериптир. Экинчиси созолонуп ырдайт экен. Үчүнчүсү чуркап келип энесинин колундагы эки чаканы көтөрүп кетиптир. Ошондо карыя мыкты деп үчүнчүсүнө баа берет. ЖКнын трибунасында оңкосунан-тоңкосунан кетип, созолонуп ырдаганча элине жардам берген жакшы эмеспи.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык

sary80 9:36:34 (28-05-2012)
Эми ар бир адамдын мунозу ар башка. Адамды осумдукко салыштырган, мынча болду озун деле жазып койсо болмок журналист. Мен байчечекеймин деп. Бир гулдоп, анан каакымга айланып, шамал уйлосо эле жок болуп кетем деп.
Almaz12 0:01:59 (27-05-2012)
Жалан Кыргыз элине пайдасы жок коко тикенектерди жазып койушуптур .
stalin-25 10:12:40 (25-05-2012)
баарыне эле туура муноздомо берилген айрыкча Ч.Турсунбековго.
 
18 май 2013
11:28   Премьер-министр Ж.Сатыбалдиева бир күндүк иш сапары менен Ош облусунда болду10:54   Ж. Сатыбалдиев: Учурда энелер бир гана үйдүн куту эмес, өлкөдөгү окуялардын жигердүү катышуучусу да болуп саналат10:46   Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди09:43   «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди09:37   Ысык-Көл бириккен ооруканасынын жетекчилиги дарыгерлердин ымыркайды сатууга тиешеси жоктугун билдирүүдө09:27   А.Жээнбеков: Бүтүндөй адамзат коомунун башатында ар дайым Эне турат
17 май 2013
17:44   Чоң-Алай районунда коомдук-саясий абал туруктуу17:29   Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү16:55   «Келечек» конушунда мыйзамсыз курулган курулмалар түрттүрүлдү16:53   Сузак районунун акими Н.Мирзахмедов: 250 кой ууланып өлдү деген маалымат туура эмес16:24   Жакын туугандарын издеген кыргызстандыктар «Издейм сени» программасынын бүгүнкү телекөпүрөсүнө катыша алышат15:28   Жумгалдыктар жумасына болчу базарларда азык-түлүк саттырбай жаткан жергиликтүү бийликке нааразы (фото)15:12   Кыргыз жаштары КМШ өлкөлөрүнүн «Өнөрлүү бол!» аттуу VIII Дельфа оюндарына катышууда15:11   А.Атамбаев: Энеге карата сый-урмат жана аяр мамиленин салтын сактап, андан ары өркүндөтүү зарыл14:58   «Революцияонерлер жана мародерлор» деген чыгарма баштадым, - Ч.Абыкеев13:55   Ысык-Көлдө элди адал азык менен камсыз кылууга багытталган жыйын болуп өттү (фото)13:48   Президент көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду13:46   А.Атамбаев республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду13:40   Кемин районундагы бир нече айылдарда электр жарыгы өчөт12:34   Чаткал, Токтогул райондорунда жаштар борбору ачылды12:14   2013-жылы «Баатыр эне» наамын 9 миң 106 эне алса, ал эми «Эне даңкы» сыйлыгын 1 миң 381 эне алган (фоторепортаж)11:06   Биометриялык паспортту жасап алуу мүмкүн эмес, - УКМКнын төрагасынын орун басары А.Мамбетсеитов10:15   Жалал-Абад шаарына 10 млн 800 сомдук жол чырактары оронотулууда09:57   ӨКМдин башкы жана жетектөөчү адистери кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча окуу өткөрүлдү (фото)08:41   Гарантиялык фонддор институтун түзүү боюнча мыйзам 2-окууда добуш берүүгө жолдонду08:38   ЖККУнун күчтөрү менен куралдарынын жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протоколу ратификацияланды08:33   Унаажолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жеңилдетилген кредиттик макулдашуу ратификацияланды
16 май 2013
17:58   Депутат Т.Зулпукаров айрым эс алуу жайларында казинолор иштеп жаткандыгын билдирди17:46   Депутат М.Тиленчиева: Кара-Кужурдагы жыгач көпүрө бузулуп, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө кооптуу жагдай түзүлдү16:59   Бишкекте Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өтөт16:59   Өкмөттүн Оштогу өкүлүнө ысырапкерчиликти жоюуга кошкон салымы үчүн муфтияттын ыраазычылык барагы тапшырылды16:56   Ошто терроризмге жана радикалдуу диний агымдарга каршы туруу маселелери талкууланды16:26   Билим фестивалы өткөн күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат15:34   Баткенде Сох анклавына көз карандысыз Айгүл-Таш-Согмент жолу 2 айда бүткөрүлүп пайдаланууга берилет14:33   Чүй жана Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчөт14:12   Ошто балдары ВИЧ менен ооруган энелер аларга карата кодулоону токтотуунун жолдорун сунушташты13:57   Кара-Көл шаарында үйлөрү күйүп кеткен 2 үй-бүлөгө акчалай жардам берилди13:27   Ош шаарындагы митингден фоторепортаж12:52   Караколдо арыктар 5 млн сомдон ашык каражатка оңдолууда12:17   Ошто 40 адам нааразычылык митингин өткөрүп жатышат12:02   Жалал-Абад шаарында жылуулукка кеткен чыгым үнөмдөлөт11:59   Жогорку Кеңеш бейтаптарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү мыйзам долбоорун 2-окууга жөнөттү11:13   Ысык-Көл облусу боюнча бир жумушчунун орточо эмгек акысы 7787,5 сомду түздү08:53   Нарында курулушу күтүлүп жаткан каскаддарга жумушчуларды каттоо күч алууда08:51   Нарында бош кызмат орундардын жарманкеси өттү
15 май 2013
17:58   Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн майрамдык салтанатында кызмат көрсөтүүчү унааларга тыюу салынды17:46   Ош шаарындагы негизги жолдорду оңдоп-түзөө иштери бул жылы 25-майга чейин бүткөрүлөт17:33   Бишкек шаарынын мэри Кыргызстандагы ТИКАнын координатору Х.Эргюн менен жолугушту (фото)16:57   Баткенде «Энелерге таазим» деп аталган бир айлык акциясы жарыяланды16:28   Бишкектеги бир нече көчөлөрдө электр жарыгы жок болот
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2013
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.