Баракелде - Муфтий Чубак ажы Жалиловду кызматынан оодарып, Муфтияттын бийлигин рейдерлик жол менен болсо да басып алууну көздөгөн тайпа бар, деп билдирди Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын басма сөз катчысы Максат Мамбетиалиев.
Маалыматка ылайык, бул жаамат төрт шериктеш элементтен түзүлгөн «чёрный квадрат» (кара чакмак) аталган тайпа. Курамына: президенттик Аппараттын кээ бир чиновниктери, Дин агенттиги, УКМК (ГСНБ) кызматкерлери, динди жамынган криминалдашкан адамдар кирет.
Булардын алдындагы максаты - чогуу күчкө салып, провокациялык жол менен 2012-жылдын 31-майында Уламалар Кеңешин өткөрүп, Муфтийлик бийликке рейдерлик жол менен болсо да келүү иш-аракеттери турат.
Учурда «чёрный квадрат» тайпасына факты түрүндө тиешеси бар адамдар: президенттик Аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, Дин комиссиянын директору Абдилатиф Жумабаев, муфтийдин экс-орун басары Убайдылла Сарыбаев, Улуттук Коопсуздук кызматынын кээ бир кызматкерлери. Мамлекеттик кызматта иштегенине карабай, диний уюм болгон КМДБнын ички иштерине кийлигишип, КР Конституциясын одоно бузушууда, деп белгилешти Муфтияттан.
2012-жылдын 21-майында өтө турган Уламалар Кеңешине да булар тоскоолдук кылуу аракеттерин жасашкан. Ошондо Муфтий Ч.Жалиловдун өзүнө да коркутуу мүнөзүндөгү СМСтер келген.
2010-жылы муфтийди шайлоо болуп турган кезде бул криминалдашкан топ өз кишиси Убайдылла Сарыбаевди муфтийлик кызматтка түртүүнү аракет кылышкан. Шайлоо болор алдында Кеңештин мүчөлөрүн Улуттук коопсуздук кызматкерлери аркылуу «добушуңарды Убайдыллага бересиңер» деп шантаждаган фактылары бар.
«Чёрный квадрат» схемасы буга чейин да керексиз адамдарды муфтийликтен күч менен алып салчу. 2002-жылы Кимсанбай ажыны муфтийлик тактан кулатып, кабинетинин эшигин талкалап кирип, бийлик тагын ээлешкен. 2010-жылы муфтий Мураталы Жумановдун өлүмүнө булар түрткү болгон. Андан кийин шайланган эки муфтийди да коркутушуп, ордуларын бошотконго мажбур кылышкан.
Ушул жагдайда Кыргызстан мусулмандарынын дин Башкармасы президент А.Атамбаевке кайрылып, Муфтият бийлигин 31-майда мыйзамсыз жыйын аркылуу төңкөрүүнү көздөгөн «чёрный квадрат» радикалдык тайпаны мыйзамдык тартипке чакырууну суранды, деп билдирди басма сөз кызматы.





















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык