Баракелде - КР Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Германиянын жараны Р.Граф Ош облустуна караштуу Кара-Суу районундагы дүлөй балдар мектеп-интернатына жана Ош шаарынын борбордук бейтапканасына 7 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Үстүбүздөгү жылы 17-майда Кара-Суудагы дүлөй балдар мектеп-интернатына гуманитардык жардам жөнөткөн Р.Граф мектепке дагы да жардам жана колдоо көрсөтүп туруу ниетин билдирген.
Р.Граф мектепке 1 миң евро берген. Мындан сырткары, ал мектепке кол эмгек сабагы жана устачылык кесибин өздөштүрүү үчүн атайын жабдыктарды сатып берүүнү пландаштырып жатат.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык