Баракелде - 2012-жылдын 2-июнь күнү 06.00дө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын Жай-Терек айылында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Жер титирөөнүн очогу Майлуу-Суу шаарынан 20 чакырым түндүк-чыгышты карай, Арстанбап айылынан 6 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык