Баракелде - 1-июнда КР вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекова АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Л.Спратлен жана USAIDдин өлкөбүздөгү өкүлчүлүгүнүн директору Кэри Н.Гордон менен жолукту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Жолугушууда тараптар социалдык чөйрөдөгү кызматташтык маселесин козгошту. Атап айтканда, Г. Асымбекова АКШ Өкмөтү ЮСАИД жана башка эл аралык уюмдар аркылуу саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоого багытталган көп сандаган долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгын белгиледи.
«Биз сиздердин жардамды мектептердеги коопсуздук тармагында да көргүбүз келет жана Грузиянын мисалында бул программа ийгиликтүү ишке ашкандыгын көрүп келдик. Ошондой эле мектептеги билим берүүнүн дагы бир маанилүү маселеси англис тилин окутуу болуп саналат. Бизде волонтерлордун мүмкүнчүлүгүн колдонуп англис тилин окутууга ыңгайлуу 2204 мектеп бар», - деп сунуш кылды Г.Асымбекова.
Ошондой эле вице-премьер-министр Өкмөттө билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык чөйрөдөгү ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылган реформалар тууралуу айтып берди.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык