Баракелде - Жаштар иштери боюнча министрлиги 2010-жылы 1-июнда гана расмий ишке киришкендигине байланыштуу Ош, Жалал-Абад облустарында болгон июнь коогалаңында жабыр тарткан жарандарга дароо жардам көрсөтө алган эмес.
Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу боюнча министри Алиясбек Алымкулов билдиргендей, бирок ал Убактылуу өкмөт тараптан элди чагымчылдыкка алдырбоого чакыруу боюнча биринчилерден болуп расмий кайрылуу жасаган.
«Биринчи кайрылуум 10-июндан 11-июнга караган түнү саат 24:30да «Европа+» радиостанциясынан жолдонгон. Ал эми 11-июнь күнү КТРК жана ЭлТР каналдары аркылуу видео кайрылууларым көрсөтүлдү», - деди ал.
Министр белгилегендей, жабыр тарткан жарандарга гуманитардык жардам таратуу боюнча штаб уюштургандардын катарында дагы Жаштар министрлиги биринчилерден болуп жардам көрсөткөн.
Министрликтин штабынын катарына көптөгөн волонтерлер тартылып, алар гуманитардык жардамдарды чогултуу, жүктөө жана «Манас» аэропортуна ташып баруу иштерине жардам көрсөткөн.
Бишкек шаарынын, башка региондордун жашоочуларынан, жеке ишкерлерден, ири компаниялардан жана кайрымдуулук фонддордон Жаштар министрлиги 25 млн сомго 500 тонналык гуманитардык жардам чогултууга жетишкен. Тактап айтканда, азык-түлүк тамак-аштары, самын каражаттары, балдар жана чоңдор үчүн кийимдер, медикаменттер, таза суу жана башка керектүү каражаттар болгон.
Мындан тышкары, министрлик «IHH» дүйнөлүк кайрымдуулук фондунан жардам келүүсүн өтүнүп, Түркияга расмий кат жолдогон. Түркия тараптан бир жумалык мөөнөттүн ичинде медициналык жардамдар берилген жана врачтардан турган атайын делегация келип, жаракат алган жарандарга медициналык жардам көрсөтүп кетишкен. Дүйнөлүк фонд дагы каражат жагынан жардам берген.
А.Алымкуловдун айтымында, июнь коогалаңынан кийин Жаштар министрлиги түштүк аймакта жаштар бирикмелери жана эл аралык уюмдар менен бирдикте улут аралык чыр-чатак маселелерине байланыштуу бир катар жаштар форумдарын жана улуттук конференцияларды өткөргөн.
Мындан тышкары, 2010-жылы окуучулар жана студенттер үчүн жайкы лагерь уюштурулуп, анда маданий-спорттук иш-чаралардан тышкары чыр-чатактардын алдын алууга багытталган нравалык-моралдык тренингдер өткөрүлгөн.





















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык