
Баракелде - Жалал-Абад Областтык Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов облус аймагындагы коомдук-саясий абал, июнь окуясынын 2 жылдыгынын алдына өткөрүлүп жаткан
иш-чаралар тууралуу «Баракелдеге» эксклюзивдүү маек берди.
- Июнь окуясынын 2 жылдыгынын алдында облус аймагында коомдук-саясий абал кандай? Эл арасында кооптонуулар барбы?
- Азыркы учурда Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдө турат, бирок ар кандай маанидеги ушак сөздөр эл арасында айтылып келүүдө. Ушак сөздөрдү угуп эле, кайдыгер мамиле жасап кала бербестен, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгында атайын такшалган, тажрыйбалуу милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам топ түзүлүп, ар бир алынган ушак сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыкка туура келгендиги боюнча анализдеп чыгышат, бирок ушул күнгө чейин алынган ушак сөздөрдүн 95%ы чындыкка туура келбейт.
Элибиздин коопсуздугун, мамлекетибиздин туруктуулугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери, элдик кошуундар, милиция ардагерлери, КР ИИМнин ички аскер кызматкерлери, жоокерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Мыйзамды, коомдук жана башка жайларда тартипти бузуучулукка жол берилбейт, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын-алууда, болтурбоодо, катталган кылмыштардын бетин ачууда милиция кызматкерлери эл алдында өз милдеттерин так аткарышат. Өлкөнүн туруктуулугун бузууга аракет кылгандарды токтотууга, болтурбоого милиция кызматкерлеринин күчү да, техникасы жетет, ошондуктан элибиздин кооптонуусуна негиз жок.
- 2010-жылдагы июнь айындагы болуп өткөн улуттар аралык кагылышуулардын кайталанышына жол бербөө максатында кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат?
- 2012-жылдын 5-июнунан баштап, өзгөчө кырдаал бүткөнгө чейинки аралыкта милиция кызматкерлери, элдик кошундар, милиция ардагерлери, КР ИИМнин ички аскер кызматкерлери, жоокерлери, фискалдык органдардын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтүшөт. Коомдук жана башка жайларда күнү-түнү кайгуул күзөт кызматында болушат. Жалал-Абад шаарын квадраттарга бөлүп, ар бир квадратка жоопкерчиликтүү милиция кызматкерин дайындап, ушул бөлүнгөн аймактарда болгон окуяга, катталган кылмыштарга бөгөт коюу үчүн толугу менен жооп берет.
- Сиздердин башкармалык тарабынан облус аймагында жашаган бардык улуттардын ынтымагын чыңдоого арналган кандай иш-аракеттер жүрүп жатат?
- Жалал-Абад шаарында жашаган көп улуттардан турган диаспоралардын жетекчилерин, жаштар уюмунун өкүлүн жана облустук губернатордун орун басары менен биргеликте көп улуттар арасында ынтымактуулук боюнча жолугушуу болуп өттү, мындай улут аралык ынтымактуулукту, карым-катнашты күчөтүүнүн негизинде Жалал-Абад областынын ар бир райондорунда ички иштер бөлүмдөрүнүн демилгесинин негизинде өткөрүлүүдө.
- Июнь окуясында элге тарап кеткен курал жарактарды кайтарып алуу иштери кандай натыйжа берди, бүгүнкү күндө канча курал-жарак кайтарылып алынды?
- 2010-жылдын апрель, май, июнь айларынын ичинде Жалал-Абад областынын КР ИИМнин № 704 ички аскер бөлүгүнөн жана Жалал-Абад областтык Ички иштер бөлүмдөрүнөн 113 даана курал-жарактар жоголгон, кайтарылганы 88 даана курал-жарактар, мындайча айтканда 77,8 % пайыз курал-жарактар кайтарылган, 22,2% пайыз курал-жарактар кайтарыла элек. Алардын ичинен 82 даана Калашников үлгүсүндөгү автоматы, 31 даана табелдик тапанчасы бар. Башкармалык тарабынан коюлган талаптарын аткарууда, элдерге туура багытта кайрылуулардын жана түшүндүрүү иштеринин негизинде, 71 даана Калашников автоматы, 17 даана табелдик тапанчалары кайтарылган.
Азыркы учурда 11 даана Калашников автоматы, 14 даана табелдик тапанчалар табыла элек, тактап айтканда, 12 даана Макаров, 1 даана Сечкина, 1 даана ТТ үлгүсүндөгү табелдик тапанчалары.
Учурдан пайдаланып айта кетсек, жоголгон же башка курал-жарактар, жарылуучу заттар боюнча маалыматыңыздар болсо, милиция кызматына кабар берсеңиздер, табылган курал-жарактар боюнча кылмыш жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, сүйүнчүсү болот.
2012-жылы 5 ай ичинде 11 даана сайлуу курал-жарактар, 1-даана Ф-1 маркасындагы жарылуучу гранатасы, 1-даана курал-жарак жасоочу станок алынды. 2 даана Калашников үлгүсүндөгү автомат, 8 даана пистолет, 1 даана карабин ок атуучу куралы.
Азыркы учурда тажрыйбалуу милиция кызматкерлери тарабынан түзүлгөн атайын топ, 2010-жылдын июнь окуясында катталып бети ачылбай калган кылмыштардын бетин ачууда ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
- Диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча кандай иш-чаралар, операциялар өткөрүлүп жатат, алардын жыйынтыгы кандай болуп жатат?
- 2012-жылы 5 ай ичинде Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмү тарабынан, үч жолу «Нелегал», бир жолу «Мигрант», эки жолу «Экстремист» атайын оперативдик иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү, ошондой эле диний, коомдук-саясий жана улуттар аралык мамилелерди көзөмөлдөө багытында оперативдик-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жалпысынан 5 айда Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмү тарабынан, областын аймагында бардыгы болуп 110 факты аныкталган. Алардын ичинен диний экстремизм менен байланышкан 29 факты аныкталып, 24 кылмыш иши козголгон, 2 факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, 3 факты боюнча кылмыш иштерине тиркелген.
Жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча «Хизбут-Тахрир» диний экстремизмдин идеяларын таркатуучу, буюм далилдери алынган. 247 даана китеп жана китепчелер, 442 даана атайын кыркылып жасалган баракча, 515 даана СД диск , 2 даана ноотбук, 69 даана аудиовидиокассета, 61 даана кол жазмасы бар дептер, 50 даана брошюра, областын аймагында бардыгы болуп диний-экстремисттик көз карашты колдогон 510 адам каттоодо турат. Каттоодогулардын 459у эркек, 51и аялдар. 137 – кыргыздар болсо, 373 – өзбек улутундагылар.
Бүгүнкү күндө каттоодо турган атуулдар менен оперативдик-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 14 атуул каттоого алынып, 62 атуул каттоодон чыгарылган.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык