19 май 2013, 13:40
 
Каттоо


 
И.Арабаев атындагы университетте эки өлкөнүн илимий-практикалык конференциясы өттү
09 июнь 2012, 12:06

Баракелде - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 7-июнда «Евразия элдеринин рухания-моралдык биримлиги - туран: өткөн доор жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – азыркы кезде түрк ж.б. Евразия элдерин руханий-моралдык жактан бириктирип, кеңири маданий-руханий масштабда кызматташууга өбөлгө түзө турган маселелерди кароо, талкууга алуу болду.

Талкууда Азербайжандан келген коноктор, Кыргызстандагы интеллектуалдык чөйрөнүн, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, диаспораларынын өкүлдөрүнүн баарлашуусу болуп, билдирүү, пикирлер айтылды.

Конференциядагы Кыргызстандын жана Азербайжандын илимий-интеллектуалдык, коомдук ишмерлеринин баарлашуусунун максаты - азыркы учурда өнүгүп, бекемделип жаткан Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык байланыштарды маданий-руханий кызматташуу жана элдердин достугу аркылуу бекемдөө.

Илимий-практикалык конференция алтайлык талантуу ырчы Ирина Кензина көмөкөй менен ырдоосу жана Манас айтуу менен башталып, абдан кызыктуу баарлашуу менен аяктады.

Азербайджан өкүлдөрүнүн айтуусунда, кыргыз эли Евразия аймагындагы башка элдерден айырмалаган өзгөчө касиети бар, түптүү эл жана анын түрк элдеринин арасындагы орду абдан бийик.

Иш-чараны уюштуруунун негизги демилгечиси - И.Арабаев атындагы университтетинин илимий иштер боюнча проректору Эмиль Каниметов, Азербайжан элдик-демократиялык партиясынын төрагасы Рафик Турабхан оглунун, окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин чечими менен конференциянын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Резолюцияда азыркы учурдагы Евразия жана түрк элдеринин достугун, маданий жана билим берүү тармагындагы байланышын бекемдөө зарыл экендиги айтылып, руханий-моралдык биримдик эң башкы орунда тураары белгиленди.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык

 
18 май 2013
11:32   Билим берүү, илим, маданият, дин жана спорт комитети өкмөттүн отчетун канаттандырарлык деп тапты11:19   Президентке караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү
17 май 2013
18:00   Көрүнүктүү окумуштуу-тарыхчылардан жана мектеп мугалимдеринен турган жумушчу топ тарых сабагы боюнча мектеп программасын карап чыгышат17:03   «Бишкек жазы – 2013» студенттик фестивалынын алкагында, шаардыктарга жана шаар меймандарына концерттик программалар тартууланат16:46   Бишкек шаарынын мектептеринин кыргыз жана орус тили мугалимдерине электрондук китептер тапшырылды16:07   Нарында коомдук ишмер А.Масалиевдин 80 жылдыгына арналган кеңешме болду15:23   Ош шаарында «Манас» айтуучулар арасында сынак өтөт13:07   Жумгалда биринчи жолу режиссердун «Ата мурасы» драмасы сахнага коюлду (фото)12:37   Ысык-Көлдө жаштарга арналган адабий тренинг өткөрүлүүдө10:00   Бишкекте илимий элементтер менен тартылган заманбап искусствонун көргөзмөсү өтөт09:45   Эл аралык музей күнүнө карата Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмөлөр өтүүдө09:13   Нарын мамлекеттик университетинде Э.Ибраевдин 80 жылдыгына арналган жыйын өттү08:54   Жумгалда Т.Турсунбаева атындагы мектеп гимназиясы 3 жылдыгын белгиледи (фото)
16 май 2013
15:28   Алайда «Атайын предметтер боюнча жылдын мыкты мугалими - 2013» облустук сынагы өткөрүлдү15:20   ОшМУ 8 адистигин эл аралык акредитациядан өткөрөт15:04   Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо боюнча бир катар ченемдик-укуктук база иштелип чыкты14:44   Бишкекте өнөр майрамы белгиленет14:27   Парламент эл артисти Д.Садырбаевдин 75 жылдыгы белгилөө тууралуу токтомду кабыл алды12:28   Жумгал районунда «Эл ичи өнөр кенчи» кароо-сынагы башталды09:39   Бишкек шаарынын мугалимдерине CD-диск түрүндөгү усулдук окуу куралдары таратылат
15 май 2013
16:18   Ошто жаш балдарды кинотеатрга тартуу максатында мультфильмдер акысыз көрсөтүлө баштады16:10   Ноокатта жаңы балдар бакчасы колдонууга берилди16:03   Ошто А.Масалиевдин 80 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө 80 миң сом акча каражаты бөлүндү15:46   Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Хэбэй медициналык университетинин ортосунда келишим түзүлдү15:40   ОшМУга АКШ өкмөтү 4,5 млн сомдук 2 грант бөлдү (фото)13:57   Бишкекте 18-24-май күндөрү түрк маданиятынын жумалыгы өтөт13:13   Бишкекте «Бишкек жазы – 2013» фестивалынын II туру өтүүдө09:44   Орус драма театрында орус көркөм чыгармалыры фестивалы өтүүдө09:44   Нарын шаарында кыргыз-түрк кыздар лицейи курулат08:58   Ысык-Көлдө Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата симпозиум өттү
14 май 2013
17:30   Жапонияда кыргыз мергенчилеринин фотокөргөзмөсү болуп өттү16:50   Бишкекте Император Николай II жана анын үй-бүлөсүнө арналган көргөзмө өтөт11:14   Ысык-Көлдүк бүтүрүүчүлөр Орусияда бюджеттик негизде окууга мүмкүнчүлүк алышат10:04   Жумгал районунда «Менин сүйүктүү мугалимим» аттуу сынагы болуп өттү
13 май 2013
18:04   Ош шаарында «Манас» айтуу сынагында баш байгеге 50 миң сом сыйлык берилет17:36   Ошто «Жылдын мыкты мугалими - 2013» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды17:09   ОшМУнун теология факультети толук жаңырат16:10   ОшМУда Түркия менен биргелешкен Ыйман лицейин ачуу боюнча келишимге кол коюлду13:59   Бишкекте «Мамлекеттик тил жана терминология маселеси» аталыштагы республикалык илимий конференция ѳткѳрүлѳт13:21   Ош шаарында казак президенти Н.Назарбаевдин мектеби курула баштады (фото)10:48   Ноокендин Шыңгыма участкасындагы мектепте толук эмес (карликовый) класстар бар09:26   Жалал-Абадда өткөн бухгалтердик эсеп боюнча олимпиада жыйынтыкталды (фото)09:19   ОшМУ менен И.Арабаев атындагы КМУ ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча маселелер талкууланды
11 май 2013
10:53   У.Аманбаева: Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилинде жүргүзүлүшүнө толугу менен каршымын
10 май 2013
13:54   Каракол шаарында Жапон элинин маданият күнү өткөрүлөт13:34   «Манас» трилогиясын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн атайын видеоверсиясы тартылды12:35   Жумгал районунда «Ынтымак эл» аталыштагы ыр кесе башталды (фото)08:57   Жалал-Абадда студенттер арасында бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит боюнча республикалык олимпиада башталды
9 май 2013
14:16   Жалал-Абад облусунун Масы айылында Э.Атахановдун эстелиги ачылды
8 май 2013
18:18   Өлкөдөгү тарыхый-маданий мурастардын объекттерин этап-этап менен инвентаризациялоо жүрүүдө
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2013
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.