Баракелде - 2012-жылдын Рамазан айынын башталышы 20-июль деп Уламалар Кеңешинин 21-майда өткөн жыйынында фетва (диний токтом) кабыл алынды. Бул фетвага ылайык 19-август Орозо Айт майрамы жана 26-октябрь Курман айт майрамы болуп белгиленди. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.
Айдын 29 же 30 күн болуп жаңырышына карата бул даталар бир күнгө айырмаланышы мүмкүн. Ошондуктан уламалар КТРК же ЭлТР телевидениелери аркылуу чыгышып, айдын чыгышын жалпы журтка жарыяламакчы.
Тагыраак айтканда, Орозо айынын башталышы 19-июль кечинде такталат, Орозо айынын аякташы жана Орозо Айт 17-август түнү так билинет. Ал эми Курман Айт Зуль-Хижжа айынын онунчу числосунда болгондуктан, анын белгилөө мөөнөтүн он күн эрте тактаса болот, башкача айтканда, 15-октябрда.
Орозо Айында берилген питир-садаканын өлчөмү 1,6 кг буудайдын баасына тете. Дан-азыктардын, тамак-аштын баасы өзгөрүп тургандыктан, питир-садаканын так өлчөмү Рамазан жакындаганда аныкталмакчы.





















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык