Баракелде - 11-июнда КР Жогорку Кеңешинин жыйындар залында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу астында тегерек стол өткөрөт, анын максаты микрофинансы секторун ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө байланышкан маселелерди, проблемаларды жана сектордун эртеңки күнүн талкуулоо болуп саналат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тегерек столго ЖК төрагасы Жээнбеков Асилбек, КР экс-президенти Отунбаева Роза жана КР вице-премьер министри Оторбаев Жоомарт менен бирге КР Улуттук банкынын өкүлдөрү, инвесторлор жана бизнес коомдоштугу катышуусу күтүлүүдө.
Азыркы күндө банк, микрофинансалык системасындагы айрым көрүнүштөр элдин турмушунун жакырланышына дагы бирден бир себеп болуп жатат. Алардын себебин тегерек столдо кеңири талкуулап, керек болсо тийиштүү мыйзамдарды иштеп чыгып кабыл алуу жана «ийри отуруп түз кеңешүү» максаты турат.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык