Баракелде - «Фабула» гезитинин 8-июнда жарыкка чыккан «Нарындын наабайчы мэри камакка алынды» деген аталыштагы кабары мени үй-бүлөмдүн, туугандарымдын, эң жакын санаалаштарымдын алдында эбегейсиз жаман акыбалга салды», - деп билдирди 9-июнь күнү Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегинге.
«Өзүңөр көргөндөй, мен эч кандай камакка алынбай эле иш ордумда иштеп жатам. Туура, өткөн жылы Нарын шаарында ачылган муниципалдык нан бышыруучу ишкана үчүн иш козгоо болгон. Бирок аны коопсуздук комитети эмес, прокуратура иш козгогон. Бул биринчи катачылык. Экинчиден, кайсы бир демөөрчүлөр аркылуу каражат келсе, ага тендер өткөрүлбөйт. Ал тууралуу Каржы министрлигинин каты да бар. Үчүнчүдөн нан бышырган имаратты оңдоого 254 миң сом жергиликтүү кеңештин төрагасы жана тиешелүү бюджет комитети менен макулдашып берилген. Мен ал акчаны сессиянын бекитип берген экономикалык чыгымдарга керектелүүчү акчадан бөлгөнмүн. 8-июнда «Фабула» гезитине таянып, «Баракелде» сайты Нарын шаарынын мэри камакка алынды деген кабарынан кийин чет мамлекетте окуп, иштеп жаткан балдарым тынчсызданып байланышка чыга башташты. Үйдөн жубайым сен кайда камалдың деп ыйлап телефон чалды. Айтор, ар кайдан байланышкандар көбөйдү. Ошондуктан такталбаган, өтө адепсиз жалган маалыматты тараткандыгы үчүн «Фабула» гезитин 50 миллион сомго моралдык доо катары сотко бере тургандыгымды «Баракелде» сайты аркылуу билдиремин», - деди Б.Жээналиев.
Мэрдин айтымында, «Нарын-эт» ЖЧКсына караштуу имарат нан бышыруучу жай үчүн 3 жылга ижарага акысыз берилген.
«Туура, имарат мага тиешелүү. Бирок бош тургандыктан, мен аны бекер ижарага бердим. Азыркы күндө анда 10 адам иштеп, Нарын шаарынын мектептерин, бала бакчаларын жана кардарларын арзан баада нан менен камсыздап жатат», - дейт шаар жетекчиси.





















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык