Баракелде - Бүгүн, 13-июнь күнү Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайрадан калыбына келтирүү боюнча Маалекеттик башкы директору Жусупжан Жээнбеков Англиянын Кыргызстандагы элчиси Джудит Фарнворт менен жолугушту. Бул тууралуу Мамдирекциянын басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Ага башкы директору Ж.Жээнбеков Мамлекеттик дирекция тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат берди. Тактап айтканда, сырткы жана ички миграция, курулуш материалдары түрүндө келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү, жабыр тарткан ишкерлерге каржылык жардам, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо, орнотуунун азыркы этабы тууралуу сөз болду.
Джудит Фарнворт өз кезегинде башкы директор Ж.Жээнбековго Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери тууралуу талкуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендигине ыраазычылык билдирди.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык