22 май 2013, 02:00
 
Каттоо


 
Жалал-Абад эли облустагы финансы компанияларынын ишмердиги боюнча сот адилет чечим чыгаруусун талап кылууда
13 июнь 2012, 15:00

Баракелде - Жалал-Абад облусунун жергиликтүү жашоочулары облус аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан «Бон Вояж», «Сабина Бизнес», «Фортуна», «Кью Нет» жана  «Даймонд Холидей» деген аталыштагы жоопкерчилиги чектелген коомдорунун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин соттук кароосу боюнча нааразы экендигин айтышып, соттун адилет чечим чыгарышын талап кылып жашыта. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурдин Маликов билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

М.Нурдиновдун берген маалыматы боюнча «Бон-Вояж» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасынын 1976-жылы туулган Б.И. аттуу жашоочусу болуп эсептелет. Анын үстүнөн 2011-жылы КР Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Жалпысынан «Бон Вояж» ЖЧКму боюнча Ноокен районунун тургундарынан 29 арыз-даттануулар түшкөн. Материалдык чыгым 8 млн сомду түзүп, дагы деле кайтарылган эмес.  Бул боюнча кылмыш иши боюнча Ноокен райондук соту тарабынан бул жылдын апрель айында соттук кароо өткөрүлүп, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Ноокен райондук прокуратурасына кайрадан кароого жиберилди», - дейт башкармалыктын башчысы.

Н.Маликов белгилегендей, дагы бир жоопкерчилиги чектелген «Сабина Бизнес» коомунун түзүүчүсү Бишкек шаарынын Ден Сояпин көчөсүнүн 1971-жылы туулган К.Г. аттуу тургуну. Анын үстүнөн 2011-жылы Ноокен райондук Прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. «Сабина бизнес» ЖЧКсы боюнча Ноокен районунун тургундарынан 579 арыз-даттануулар түшкөн. Материалдык чыгым 34 млн 392 миң 350 сомду түзүп, азыркыга дейре күндө кайтарылган эмес.

Аталган кылмыш иши 2011-жылы Ноокен райондук сот кароосуна жөнөтүлүп, аталган сот чечими менен Г.К. 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылган. Бирок анын колунда жаш баласы болгондуктан баласы 18 жашка чыкканга чейин жаза өтөөдөн убактылуу бошотулган.

«Фортуна» ЖЧК түзүүчүсү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасынын М.Э. аттуу тургунунун үстүнөн 2011-жылы Ноокен РИИБ тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон. Материалдык чыгым 31 млн. 139 миң 748 сом түзүп, анын ичинен 120 миң 500 америка доллары жана 1 млн  204 миң 250 сом кайтарылган. Бул коом боюнча 430 арыз-даттануулар түшкөн. Бул сумма Ноокен райондук сотунун чечими менен ар бир жабырлануучуга 4795 сомдон кайтарылып берилген.

Аталган кылмыш иши Ноокен райондук сотунун кароосуна жөнөтүлүп, аталган сот чечими менен М.Э. 13 жылга эркинен ажыратылган.

«Башкармалык тарабынан учурда жогоруда аталган коомдорго Сузак, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарынын тургундарынан 370ке жакын жарандар арызданууга даяр экендиги аныкталды», - дейт М.Нурдинов.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык

 
21 май 2013
17:10   Бишкек шаарындагы 10 светофордук объектилерине үн коштоочу жабдуулар орнотулат17:03   Ош шаарында насыя алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берген коомдук фонд ачылды16:57   Ошто М.Мырзакматов унаа жуучу жай үчүн жер бербөөнү сунуштады16:36   Аскер адамдары мамлекеттик гимн аткарылып жатканда колдорун көкүрөккө коюшпайт деген мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды16:28   Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт16:22   Ош шаардык Жаштар иштери комитети энелерге майрамдык салтанат уюштурду15:26   Май айында жүргүнчүлөрдү ташыган 21 кичи автобус иштен четтетилди15:10   Ошто 35 эне Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды14:27   Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын тамак-аш, өнөр-жай кызматкерлеринин профсоюзу жыйын өткөрдү14:24   Өкмөттүн өкүлү К.Муратбековду кызматтан алуу тууралуу маалымат президентке жеткен эмес14:13   Ошто экс-министр Р.Сабировду коргоо комитети Жогорку соттун адилеттүү чечим чыгарышын талап кылып жатышат14:07   Жумгал районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө «Энелер күнү» белгиленди14:04   Баткен районунда «Милициянын ачык эшик күнү» болуп өттү13:49   Баткенде Ардагерлер кеңешинин конференциясы болуп өттү13:24   Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылына кире бериштеги сай көпүрө оңдоло баштады (фото)13:07   Мүмүкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн сайттын максаты - жалгыздыктан арылтуу, түгөйүн таап, үй-бүлө курууга шарт түзүү12:39   Көрүүсү начар адамдардын жолдо жүрүүсү боюнча коопсуздук маселелер бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет, - И.Султаналиев12:18   «Баракелде» сайты мурдагы калыбына келтирилди, barakelde.org дареги аркылуу кире аласыз12:17   Лейлекте улут аралык жаңжалды болтурбоо максатында «Дүйнөнүн чыгыш энелери – тынчтык үчүн» аттуу иш-чара уюштурулду12:15   Талас дарыясына ишкерлер эки тоннадан ашык эскирген өрдөк-каздын эттерин таштап салышкан11:20   Муфтияттан башка эч кимге ажылыкты уюштуруу укугу берилген эмес, - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы11:09   Нарын шаарында митинг өткөрүп жаткан эл менен өкүл К.Муратбеков жолукту10:15   Нарын шаарынын борбордук аянтында эл чогула баштады09:11   Ысык-Көлдө жазгы талаа жумуштары аяктоо алдында турат
20 май 2013
18:58   «Дүйнөлүк муун: Борбор Азия үчүн жаңы медиа-технологиялар» дүйнө тааным долбоору старт алды18:41   К.Талиева мамлекеттик кызматтарда 30-40 жыл иштеген Баатыр энелер менен жолугушту (фото)18:02   Ысык-Көл облусунда жардамга муктаж 35 үй бүлөгө нике күбөлүгү берилди17:23   Бишкекте эскирген, уруксатсыз жайгаштырылган тышкы жарнактардын 58и алынып салынды17:15   Эртең Бишкектин бир катар райондорунда муздак суу берүү убактылуу токтотулат16:46   «Айыл-агро 2013» көргөзмөсүндө 6 өлкөнүн 25 компаниясы өз өндүрүштөрүн көрсөтөт16:17   Сузак районунда жаңыланган ЗАГС жана паспорт столу ачылат16:06   Нарын шаарында «Энелер күнү» белгиленди15:51   Аймактык журналисттер үчүн «ЖК ишмердүүлүгүн чагылдыруу өзгөчөлүктөрү» темасында семинар өткөрүлдү (фото)15:31   Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт14:39   Биздин окумуштуу автомобилдин кузовуна керектелүүчү эч качан чирибей турган темирди ойлоп тапты, - «Алиби»14:15   ӨКМ: Быйыл Нарын облусунда план боюнча 1046 турак-жай, 1 ФАП, 2 мектеп корголот14:01   Ошто «Энелер күнүнө» карата акысыз медициналык кароо уюштурулду13:30   Эл аралык «Айыл-Агро-2013» көргөзмөсүнө Талас облусунан 200гө жакын фермелер жана дыйкан-чарба жетекчилери катышат13:13   Кыргызстан-Орусия ортосунда түзүлгөн жумушчу топ Жумгалдын Миң-Куш айылында болушту (фото)12:33   Жумгал районунун Таш-Дөбө айылына багыттооч көрнөк орнотулду (фото)11:47   Баткен районунда «Эне мээрими» аттуу акциясы өттү11:44   Курулушу бүтпөй калган объектилерди бүтүрүү үчүн 7 жылдык убакыт керек, - Ж.Сатыбалдиев11:42   Лейлекте мурунку каржы министри Г.Кошмуратовду эскерүү иш-чарасы уюштурулду11:32   Ош-Баткен-Исфана автожолун реабилитациялоо иштери башталат11:29   Баткен районунун айыл аймактары жарыктандырылууда11:24   Баткенде «Айыл ажары» кароо-сынагы өтүүдө10:59   Ошто коомдук ишмер А.Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди10:18   Жалал-Абадда тарыхый фактыларды изилдөө боюнча илимий-практикалык конференция болуп өттү10:15   Ошто радикалдуу диний агымдарга каршы туруу, мечит имамдарын аттестациядан өткөрүү талкууланды10:07   Ошто Барак анклавынан 180 баш бодо малды жана 600 майда жандыкты алып чыгуу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2013
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.