Баракелде - Быйылкы жылы аба ырайынын катаал шартына байланыштуу жазгы айдап себүү иштери кечиктирилген шартта башталды, деп билдирди айыл чарба жана мелиорация министри Аскарбек Жаныбеков 15-июнда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында.
Анын айтымында, 2012-жылы 1-марттан 20-майга чейинки убакыт аралыгында Талас, Чүй, Ысык-Көл жана башка аймактарда жаан чачындын жаашы өткөн жылдарга караганда төмөн болгон.
«Мындай абал айдоо аянттарынын кыскаруусуна гана эмес, айыл чарба маданиятына кедергесин тийгизди», - деди министр.
Анын айтымында, май айынын биринчи жана экинчи декадасында айдап себүү иштери төмөндөп, айдын үчүнчү декадасында абал кыйла жакшыргандыгына байланыштуу талаа иштери эффективдүү жүргүзүлө башталды.
Министр белгилегендей, жалпы жонунан кылдуу дан эгиндерди айдап себүү аягына чыгарылды. Ал эми картошка эгүү улантылып жатат. Картошка боюнча бекитилген план толтурулат деп болжолдонууда, деди ал.
Ал эми республика боюнча күздүк эгин 104,4 миң га жерге аз себилип калган. Бул дагы кардын эрте түшкөндүгү менен байланыштуу, дейт министр.
Жаныбековдун айтуусунда, быйылкы жылы 15 миң га жерге көп жылдык чөп эгилди. Малды азык менен камсыз кылуу көйгөйлүү маселе болгондугуна байланыштуу көп жылдык чөп өстүрүү кийинки жылы дагы ишке ашыруу планы колго алынууда.
«Ошондой эле, ЮСАИД программасы тарабынан 8 млн сомго каржыланган 14 айыл чарба техникасы иш алып барып жатат. Учурда техникалык жактан камсыздоо боюнча тендер өткөрүүгө даярдалууда», - деп кошумчалады ал.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык