Баракелде - Элдин бүгүнкү жашоо шартына байланыштуу электр энергияга болгон тарифтин баасын көтөрбөш керек, деп билдирди «Түндүк электр» ААК директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Сапарбек Аргымбаев 21-июнда маалымат жыйында.
Анын айтымында, эгерде элдин мүмкүнчүлүгү болсо тарифти 10 тыйындан 50 тыйынга чейин көтөрсө, реконструкция үчүн оң натыйжасын бермек.
«Биз эгерде тарифти 10 тыйынга эле көтөрсөк, 1 млрд 300 млн сом ашыкча түшмөк экен. Бул каражат жалаң реконструкцияга жумшалса жакшы болмок. Электр энергияга болгон эң аз тариф Кыргызстанда. Бирок, элдин шартына байланыштуу азырынча тарифти көтөрүү маселесине тийбей эле коюш керек», - деди ал.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык