Баракелде - КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариевдин берген маалыматына караганда, Кыргызстандын жылдык ички дүң өнүмү 300 млрд сом болсо, насыялык каржылоо анын 11 пайызын гана камтыйт. Ал эми коммерциялык банктар негизинен соода тармагын гана камтып, анын үлүшүнө насыянын 53 пайызы туура келет. Анын үстүнө, коммерциялык банктар өз насыяларын чоң үстөк менен кыска мөөнөткө гана бере алат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Чет өлкөлүк насыялардын да наркы кымбат, мөөнөтү кыска болууда. Алар негизинен тоо-кен иштетүү тармагын каржылоого багытталып жатат. Ошондуктан, эл аралык каржы тажырыйбалары эске алынуу менен, Өкмөт чечими боюнча өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыттарын насыя каражаттары менен камсыз кыла турган мамлекеттик Өнүктүрүү банкын түзүү милдети турат. Анткени, өлкө бюджети 100 млрд сом болсо, анын 70 пайызы күнүмдүк төлөмдөргө гана жумшалат. Ал эми экономикалык өнүгүүгө каражат калбай калууда.
Башка «Айыл Банк», «Залкар Банк», «РСК Банкы сыяктуу мамлекеттик банктардан айырмаланып, Өнүктүрүү банкы жеке жактарды каржылабайт, депозит эсептерин ачпайт. Анын негизги каражаты толугу менен мамлекеттин каржы активинен түзүлмөкчү. Баштапкы каржысы, болжол менен, 2 млрд сом көлөмүндө болуп, ал кийинчерээк 40-45 млрд сомго чейин жеткирилиши мүмкүн. Насыя негизинен улуттук долбоорлору каржылоо багытында узак мөөнөткө төмөнкү үстөк менен берилет.
Андан сырткары, Өнүктүрүү банкынын башкы иш багыты курамы Премьер-министр тарабынан дайындалган Директорлор кеңеши тарабынан аныкталып, Улуттук банктын катуу көзөмөлүндө турары белгилүү болду. Банк ишин көзөмөлдөөгө жарандык сектор өкүлдөрү да тартылмакчы. Өнүгүү банкынын 100 пайыз акция ээси мамлекет болуу менен, ачык акционердик макамына ээ болот. Өнүктүрүү банкынын негизги максаты пайда көрүү эмес, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. Мындай жөрөлгө чет өлкөлүк тажырыйбада бар.
Талкуу жүрүшүндө депутаттардын басымдуу бөлүгү көптөгөн тобокелчиликтерге карабастан, Өнүгүү банкын түзүү демилгесин колдой тургандыгын билдирди. Бирок, депутат Анвар Артыковдун пикиринде, 2 млрд сом каражат мындай банк үчүн өтө аздык кылат. Ошондуктан, кошумча каржы булактарын табуу керек. Депутат аны акционердик коом кылбай эле, мамлекеттик банк макамын ыйгаруу тууралуу да оюн билдирди.
Ал эми депутат Дамира Ниязалиева аталган банк келечегине анчалык ишенбей турганын жашырган жок. Кыргызстан азыр банк түзмөк тургай, бюджет таңсыктыгын жабалбай жатат. Анын пикиринде, Өнүктүрүү банкы айтылуу Өнүгүү фондунун тайкы тагдырын кайталап калышы да ажеп эмес. Бул пикирди кубаттаган Дамира Ниязалиева мыйзамда көптөгөн карама-каршылыктар орун алгандыктан, банк мүдөөсүн бүдөмүк кылууда.
Жыйынтыгында КР Өкмөтүнүн мамлекеттик Өнүктүрүү банкын түзүү демилгеси камтылган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Талкуу жүрүшүндө айтылган сунуштар экинчи окуу маалында эске алынмакчы.






















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык