Баракелде - А.Масалиевдин 80 жылдык юбилейин республикалык деңгээлде белгиленет. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жыйынында 26-июнда айтылып, тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.
Баяндамачы, депутат М.Осмоновдун айтымында, А.Масалиевдин эмгегин баалоо жана анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында токтомдун долбоору иштелип чыкты.
Ага ылайык, 2013-жылдын октябрь айларында мааракени өткөрүү сунушталып жатат. Өкмөт 2013-жылда мамлекеттик деңгээлдеги мааракелердин тизмесине А.Масалиевдин 80 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасы жазылды. Ошондой эле мааракени өткөрүү иш-чарасы боюнча комиссия түзүлүп, чыгымдарды бюджетке киргизүү сунушу дагы айтылып жатат, деди ал.
Натыйжада комитет мүчөлөрү «А.Масалиевдин 80 жылдык мааракеси жана элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алышты.





















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык