Баракелде - Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүн, 26-июндагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, Каржы министрлигинин статс-катчысы Динара Шайдиева маалымат берди.
ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, талкууда депутаттар республикалык бюджеттин 18,5 млн тартыштыгын жабуудагы ички жана тышкы булактарды такташып, курулушу аяктаган айрым мектептер парта, стул, доска өңдүү эмеректердин жоктугунан ишке киргизилбей жаткандыгын сынга алышты.
Мындан сырткары, мугалимдердин эмгек акылары менен кошо эмгек өргүү акыларынын берилбей жаткандыгы комитет төрагасы К.Осмоналиев жана депутат Роза Акназарова тарабынан Каржы министрлигине коңгуроо кагылды. «Китепканаларга же каражат бөлүнбөйт же китеп фондусун байытууга китеп сатылып алынбайт» деген дооматты депутаттар Эгемберди Эрматов менен Наталья Никитенко көтөрүп чыгышты.
Соңунда талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.
Мындан сырткары, жыйынга катышып жаткан депутат Дастан Бекешов студенттердин 78 сомдон 276 сомго чейинки стипендиялары эч нерсеге жетпестигин айтып, стипендиялардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз сунушун ортого салды. Анда депутат стипендияларды мыкты окуган студенттерге жана ата-энеси жок студенттерге гана берүү сунуштаган. Мындай сунуш комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.
Комитет жыйынында «Патент мыйзамы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен 1-окууда кабыл алуу чечими чыкты. Аталган мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен патент ээлерине укук берүүдөгү кошумча жол-жоболор караштырылган.
Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин мүчөлөрү өздөрүнүн 2011-жылдын 1-сентябрынан бүгүнкү күнгө чейинки аткарган иштерин талдоого алышты. Комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев комитеттин негизги иш-милдети болгон билим берүү, диний, архивдик, дене тарбия жана репсубликалык бюджет багытындагы мыйзам долбоорлорун кабыл алуу жана алардын жүзөгө ашырылышына көзөмөл кылуу экендигине токтолуп, бул жаатта жасалган иш-чараларды тизмектеди.
Билим берүү багытындагы мыйзам долбоолору менен катар комитет тарабынан бир катар токтом долбоорлору, 2 эларалык келишим, президенттин каршы пикирлери жана бир топ протоколдук тапшырмаларды карап, тиешелүү чечим кабыл алынган. Комитет мүчөлөрү республикалык деңгээлде жана ар кайсы аймактарда өткөрүлгөн коомдук угууларды, комитет мүчөлөрү катышкан эл аралык иш-чараларды дагы комитеттин ишмердүүлүгүнө кошууну кошумчалашты.
Соңунда комитет мүчөлөрү мыйзам чыгаруу менен катар жасалган ар кандай иш-чараларды канааттандырарлык деп баалашты.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык