Баракелде - Ош облусунун Ноокат районунда КР медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанат болду. Бул тууралуу Ош обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ак халатчандарды Ноокат районунун акими З.Аскаров, райкеңештин төрагасы М.Ташбаев, айыл өкмөт башчылары жана жеке мекеме ишканаларынын жетекчилери куттукташты.
Бул салтанатта район боюнча жарыяланган жылдын мыктылары аныкталып, сыйланышты жана бир нече дарыгерлер «Саламаттыкты сактоо мыктысы» төш белгиси, облустук жана райадминистрациясынын ардак грамоталары менен сыйланышты.
З.Аскаров өз сөзүндө мамлекеттин байлыгы болгон элибиздин ден соолугуна камкордук көрүүдө дарыгерлердин эмгеги эбегейсиз чоң экенин белгилеп, алардын иштерине ийгиликтерди каалады.
Майрамдык салтанатта медицина кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт тартууланды.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык