Баракелде - 21-29-июнь аралыгында Бишкеке шаарында Сауд Аравиясынан келген кардиохирургдар тарабынан өткөрүлгөн «Сак жүрөк – 2012» кайрымдуулук жараяны соңуна чыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Мына ошол мезгил аралыгында КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана ички органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда пландалган 50 операциянын ордуна 56 акысыз жүрөк операциясы жасалды.
Кайрымдуулук жараянынын максаты менен жыйынтыктары жөнүндө кечээ, 28-июнда өткөн маалымат-жыйында Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Аль Дербас Мараи Барака, Жүрөк хирургиясы жана ички органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институттун директорунун м.а. К.Шамбетов айтып берди.
Белгилей кетчү нерсе, оксигенаторлор (17 даана), жүрөктүн жасалма жапкактары (11 даана), 49 стент (41 бейтапка) акысыз берилип, 15 бейтаптын операциядан кийинки дарылануу чыгымдары төлөндү. Жараян алкагында жалпы жонунан 4 млн 100 миң сомдук бекер медициналык тейлөө кызматы көрсөтүлгөн.
Вице-спикер Т.Зулпукаров ыраазычылык иретинде жалпы кыргызстандыктардын, анын ичинде Жогорку Кеңештин атынан Сауд Аравиясынан кайрымдуулук озуйпасы менен келген меймандарга сертификат менен баалуу белек-бечкектерди тапшырды.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык