Баракелде - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 30-июнда Токтогул суу сактагычына Россия мамлекетинен дем алганы келген 1983-ж Якуптец Виталий Вячеславович дайынсыз жок болгондугу тууралуу бирге жүргөн шериги Рябченко Артем Юрьевич Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 3-июлда саат 06:00дө Кетмен-Төбө а/а Ак-Тектир айылына Токтогул шаардык “Куткаруу кызматынан” 7 куткаруучу жана райондук акимдин орун басары чыгышкан. 2012-жылдын 5-июль күнү Кетмен –Төбө айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын Тамага-Терек участкасынан ички иштер кызматкерлери тарабынан тирүү табылды, ден соолугу жакшы. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык