Баракелде - Үстүбүздөгү жылы июль айында Баткен областына караштуу Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында «Кыргызстан спутниги» коомдук фонду «Сорос Кыргызстан» фондунун Жаштар программасынын колдоосунда «Я смогу» долбоору ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы билдирди.
«Сорос Кыргызстан» фондунун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн координатору Тина Эшиева билдиргендей, долбордун негизги максаты - жаштардын бизнес-көндүмдөрүн калыптандыруу, аймактарда социалдык өнүгүүнү турукташтыруу.
Жайкы каникул мезгилинде волонтерлорго бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу, окутуучу иш-чараларды өткөрүү үчүн тренингдер өткөрүлөт.
Долбоордун шериктештери Кызыл-Кыя шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери, пилоттук аймактардагы айыл округдары, жергиликтүү гезит-журналдар.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык