Баракелде - Нариман Түлеев мэр болуп турган кезинде жашылча, мөмө-жемишти дүңүнөн сатуучу Баткен базарын шаар транспортуна кыйынчылыкты жаратып жатат деп Дыйкан базарын ачып, ошол жерге көчүрөт.
«Учур» гезитинин 5-июлда чыккан санында жазылгандай, шаардыктарга арзанчылык келтирерин айтып, катуу ишендирет. Бул ишти мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен биргеликте жүргүзөт. Негизинен Дыйкан базарын курууга 65 миллиондун тегерегинде акча сарпталат. Бирок, чын-чынына келгенде, аталган сумманын 35-40%ы гана жумшалат да, калган акчаны өз ара бөлүп алышат.
Бирок, бул ишти текшерген Эсеп палатасы курулуш монтаж иштериндеги 531,3 миң сомдук кошуп жазууларды гана тапкан. Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 3883,7 сомду ашыкча сарптаганы аныкталган. Ошентип мыкты мэр аталган Нариман кайсы долбоорду ишке ашырбасын, артынан миллиондордун кулагы көрүнө берет, деп кошумчаланат гезитте.





















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык