Баракелде - «Түндүк электр» ААК басма сөз кызматы билдиргендей, 6-7-8 июлда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Борбордун батыш тарабындагы «Касым» конушунда, «Достук» кичи районунда, ал эми 6-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Кант районуна караштуу Ново-Покровка айылында электр энергия өчүрүлөт.
Аталган аймактарда Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы жана «Түндүк электр» ААК адистери «Костромская» көмөкчордонунда, «Ново-Покровка» көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгысында оңдоо иштери менен алектенет.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык