Баракелде - Президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү саясаты жемишин бере баштады, деп жазылат «Focus.kg» сайтында.
Анда айтылгандай, алгач оппозициячыл «Ата Журт» фракциясынын депутаты Нариман Түлеев миллиондорду жегени үчүн отургузулду эле, айрым «баканооздор»: «Бийлик эмнеге оппозиция өкүлдөрүнө асылат? Кыйын экен өзүнүн короосундагыларды кармабайбы?» деп кыйкырып чыгышты. Ал эми жемсөөлүктү ооздуктоо жараяны курулай сөз эмес экени турмуш жүзүндө ырасталууда.
«Мисалы, УКМК алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду коррупцияга шектүү делип, суракка чакырды. Атайын кызматтын кабарлашынча, министрдин жардамчысы шефинин атынан чет өлкөлүк эки компаниядан 20 миң доллар каражат өндүрүптүр. Жардамчынын айтканы далилденчү болсо, анда Р.Сабировдун темир торго тыгылары калетсиз. Бул жемсөөлүккө ачылган «согуштун» башталышы деп туралы. Ушул калыбынан жазбаса, анда алкымына ээ боло албай, өлкө капчыгын өз чөнтөгүндөй пайдаланган далай министр, депутат, чиновниктердин күнү батат го», - дейт сайт.






















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык