Баракелде - Сотторду тандоо кеңеши Жогорку соттун судьялык кызматка жарыяланган конкурстун 1-турунан 7 талапкерди өткөрдү, деп маалымдайт аталган кеңештин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Сотторду тандоо кеңеши талакерлерди сунушталган документтерди, талапкердин, үй-бүлөсүнүн, туугандарынын кирешеси жөнүндө декларацияны, доо-арыздарды карап көрүп, 2-турга өткөрүштү. 2-турга Чүй областынын сотунун судьясы Дильфуза Боронбаева, экс-юстиция министри Марат Кайыпов, Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы, Жогорку соттун судьясы Гульзар Суталинова, Жогорку соттун судьясы Перизат Абакирова, Бишкек шаардык сотунун судьясы Мадина Давлетбаева жана Ош шаардык сотунун судьясы Лепес Темирбеков. Аталган бардык талапкерлер бир добуштан колдоого алынды.
Добуш берүүгө Сотторду тандоо кеңешинин 24 мүчөсү катышты.
Айта кетсек, Сотторду тандоо кеңеши конкурстун 1-турунда 16 талапкерди карашат.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык