Баракелде - Бишкекте унаа жолуна шагыл төшөп жабуунун жаңы үнөмдүү ыкмасы колдонула баштады. Бул тууралуу, бүгүн 16-июлда, Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров билдирди. Анын айтуусу боюнча, бүгүн Москва көчөсүнүн оңдоо иштери аяктады.
«Жолго шагыл төгүлгөн, анын кесепетинен улам чыккан чаңга айдоочулар арызданып жатышат. Бирок бул жаңы технология, анын негизинде оңдоо иштерине кеткен чыгымды бир кыйла кыскартат. Бир нече күндүн ичинде жаңы жабуулар тапталат, үстүңкү катмары жылмакай болуп, чаң болбойт. Унаа жолдун 1 чарчы метрин асфальттоо үчүн, 800 сомдой талап кылынат. Элестетип көргүлө шаардын бардык жолдорун оңдоо үчүн канчалаган акча талап кылынат? Бизде мындай акча жок. Ал эми жаңы технология боюнча бир чарчы метр жерге биз болгону 70 сомдой гана коротобуз», - дейт М.Мияров.
Азыркы убакта Москва көчөсүндөгү кыймыл толук калыбына келтирилгендигин билдирди ал.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык