Баракелде - Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү 2012-жылы 6 ай ичинде жасаган иштери боюнча элге отчет берип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Маалыматка ылайык, аймактык тескөөчүлөр жана жашы жете элек балдар менен иш алып баруучу инспекторлор 3 күн бою шаардагы 5 коомдук алдын алуу борборлорунда жарым жылдын жыйынтыгы боюнча элге маалымат берип жатышат.
Маалым болгондой, Ош шаарында 60 аймактык тескөөчү иштейт.
КР ИИМдин буйругунун негизинде 2011-жылдан тартып милиция кызматкерлери 6 айда бир жолу эл алдында отчет берип келишет.
Эл менен болгон жолугушуу учурунда жергиликтүү калк тарабынан милиция кызматкерлери кетирген кемчиликтер, сунуштар айтылып жатат.
Шаарга арыз-даттануулар үчүн кутучалар орнотулган. ОШ шаардык ИИБси ар бир жумада кутучага салынган каттар таанышып турат.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык