Баракелде - «Кумтор Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому Кыргызстандын мыйзамынын талаптары, нормаларынын негизинде иштеп жаткандыгын текшерүү жана изилдеп чыгуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын отурумуна катышпаган мүчөлөргө тиешелүү чаралар көрүлөт. Мындай пикирди комиссиянын отурумунда анын төрагасы, КР экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев маалымдады.
Бул жолку отурумга КР Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Учкун Ташбаев, КР ТИМ министринин орун басары Туратбек Жунушалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов катышкан эмес.
Т. Сариев комиссиянын иш тартибине жана анын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигине өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин баса белгиледи. “Комиссиянын мүчөлөрү 2 жолу отурумга катышпаган учурда биз парламент менен өкмөткө кайрылабыз”, - деди төрага.






















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык