Баракелде - Ош областына караштуу Алай районундагы Гүлчө айылында айдоочулук менен алектенип жүрүп, өзүн-өзү өлтүрүүгө барды делинип каза болгон Токтогул Назарматовдун өлүмүнө анын жубайы милиция кызматкерлери күнөөлүү деп эсептейт.
Мындай пикирин айтып, бүгүн, 20-июль күнү маркумдун жубайы Топчугүл Абдразакова маалымат жыйын өткөрдү, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Т.Абдразакованын айтымында, анын күйөөсү Токтогул Назарматов 41 жашта. 4 баланын атасы болгон. Ал 15 жылдан бери Ош-Гүлчө жолунда айдоочулук менен алектенип жан багып келген. 2012-жылдын 28-мартында бир жүргүнчү кыз анын унаасына түшкөн.
Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине ошол эле күнү анын жүргүнчү кызды зордуктагандыгын тууралуу арыз түшкөн. Аны түшүнүк кат жаз деп алып кетет. Ошол жерден аны ур-соккуга алып, ишти жабуу үчүн 50 миң сом пара талап кылат да кое беришет. Т.Назарматов үйүнө келип, паспортун алып, кайра Алай райондук ИИБга кеткен бойдон эртеси күнү стадиондо өзүн-өзү асып өлдү деген кабар келген.
«Милиция кызматкерлери күйөөм алар талап кылган 50 миң сомду бере албагандыгы үчүн уруп, чала өлүк болуп калганда стадионго таштап коюшкан. Бир туугандары жакындары эч кимиси анын асынган жеринен сөөгүн көргөн жокбуз. Милиция кызматкерлери сөөгүн алып кетишип, эртеси күнү колго беришти. Анын сөөгүн жууган учурда ур-тепкиге алынганы маалым болду. Денеси көк-ала. Колунда кишендин изи да калып калган», - дейт Т.Абдразакова.
Ал «Алай райондук ИИБнын кызматкерлери күйөөмдү зордуктады деп жалган жала жаап арыз жазган келин менен бирге бизнес жасашкандыгын эл айтып жатат. Анткени ал кыз арыз жазып ИИБда олтурганда мас абалында экендигине өзүм күбө болдум. 26 жаштагы Тазагүл Айтматова Араванда төрөлгөн кыз. Учурда Алай районуна 5 жолу турмушка чыккан. Милиция кызматкерлери акча өндүрүү үчүн күйөөмдү зордуктады деп Тазагүл Айтматовага арыз жаздырышкан», - дейт.
Т.Абдразакова соттук-медициналык экспертиза да анын күйөөсүн өзүн-өзү өлтүрүүгө барды деп жыйынтык чыгарып бергендигин айтты.
Анын айтымында, адилеттик издеп 4 айдан бери убараланып жатышат. Жолдошунун өлүмү боюнча бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши козголо элек. Алай райондук ИИБ кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан.
«Учурда Ош областтык ИИБга кайрадан арыз жазып кылмыш ишин козгоону суранып жатабыз. Бейкүнөө бир жаранга жала жаап, акча талап кылып, анысы аз келгенсип, ур-соккуга алып өлтүрүп койгон жарандар жазасын алышын талап кылабыз», - дейт жубайы.






















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык