Баракелде - Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясы өкмөттүн отставкага кетүүсү үчүн өзүнүн кол топтоо демилгесин көтөрдү, деп билдирди 20-июлда депутат Турсунбай Бакир уулу социалдык өнүктүрүү министринин кызматынан убактылуу четтетилген Равшан Сабировдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кароо боюнча сотто.
Анын айтымында, кол топтоо фракциянын ичинде жүрүүдө. Азыркы убакта 10дон ашык кол топтолду. «Муну мен кечээ көрдүм», - деди депутат.
Ал «Ата Мекен» партиясы өкмөттүн отставкасын талап кылган тизмеден колун кайра артка кайтарып алгандыгын билдирди.
Т.Бакир уулунун түшүндүрүшүнчө, башка фракцияга кошулуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү туура эместиги айтылды. «Эгер өкмөттү кетирсек, анда өзүбүздүн партиядан баштайлы», - деди ал.
Ошондой эле «Ата Мекен» чогултуп жаткан тизмеден Эристина Кочкарова жана «Ар-Намыстын» бир нече мүчөлөрү колдорун кайра чакыртып алышты.






















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык