
Баракелде - Кечээ, 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда «РусГидро» ААК компаниясынын директору Евгений Дод башында турган өкүлдөрдү кабыл алды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Жолугушууда Евгений Дод мамлекет башчыга Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Жогоркунарын каскады гидроэлектростанцияларынын курулушуна орун караштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, аталган компания Кыргызстанда ГЭСтерди курууга даяр экендигин билдирди.
Ал эми А.Атамбаев курулуш иштерин эртерээк баштоо зарылдыгын жана бул Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү экендигин белгиледи.




















Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык