20 май 2013, 05:29
 
Каттоо


 
Депутат Т. Мадылбеков Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушту
21 июль 2012, 11:30

Баракелде - Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракет боюнча комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуп, аймакта орун алган көйгөйлүү маселелер жаатында пикир алышты.

ЖК басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, депутат жергиликтүү тургундарга кыргыз парламентинин кезектеги сессиясынын жыйынтыктары тууралуу учкай маалымат берди. Ошону менен бирге, ал Жогорку Кеңеш тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому кабыл алынгандыгы, алардын өзгөчөлүгү багытында ой бөлүштү.

Жолугушуу жүрүшүндө Жайыл районундагы Эрик-Туу айыл округунун жашоочулары аймактагы бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Алардын айтымында, таза суу менен камсыз кылуу башынан эле башкы көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Ошондой эле, айыл арасындагы жолдорду оңдоп-түзөө, клубдарды калыбына келтирүү, спорт аянтчаларын куруу маселелери да айтылды.

Ал эми Панфилов айылынын тургундары сугат суунун жетишсиздигин айтат. Сугат суулары коңшу Казакстан менен бөлүштүрүлүп жаткандыктан, жай аптабында анын жетишсиздигинин айынан талаш-тартыштар жаралууда. Ошондой эле, элет жергесиндеги техпарктарды жаңыртууга да мезгил жетти. Ал үчүн айыл чарба техникаларын лизингге алуу маселеси чечилүүгө тийиш. Андан сырткары, жергиликтүү калк «Кайыңды» алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып жаткандыгы да белгилүү болду. Алардын пикиринде, кен иштетүү экологиялык коркунучка алып келет.

Депутат Т.Мадылбеков шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берүү менен, көйгөйлүү маселелердин чечилишине КР өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге көмөк көрсөтүүгө убада берди.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу бөлүмү убактылуу жабык

 
18 май 2013
11:28   Премьер-министр Ж.Сатыбалдиева бир күндүк иш сапары менен Ош облусунда болду10:54   Ж. Сатыбалдиев: Учурда энелер бир гана үйдүн куту эмес, өлкөдөгү окуялардын жигердүү катышуучусу да болуп саналат10:46   Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди09:43   «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор киргизилди09:37   Ысык-Көл бириккен ооруканасынын жетекчилиги дарыгерлердин ымыркайды сатууга тиешеси жоктугун билдирүүдө09:27   А.Жээнбеков: Бүтүндөй адамзат коомунун башатында ар дайым Эне турат
17 май 2013
17:44   Чоң-Алай районунда коомдук-саясий абал туруктуу17:29   Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү16:55   «Келечек» конушунда мыйзамсыз курулган курулмалар түрттүрүлдү16:53   Сузак районунун акими Н.Мирзахмедов: 250 кой ууланып өлдү деген маалымат туура эмес16:24   Жакын туугандарын издеген кыргызстандыктар «Издейм сени» программасынын бүгүнкү телекөпүрөсүнө катыша алышат15:28   Жумгалдыктар жумасына болчу базарларда азык-түлүк саттырбай жаткан жергиликтүү бийликке нааразы (фото)15:12   Кыргыз жаштары КМШ өлкөлөрүнүн «Өнөрлүү бол!» аттуу VIII Дельфа оюндарына катышууда15:11   А.Атамбаев: Энеге карата сый-урмат жана аяр мамиленин салтын сактап, андан ары өркүндөтүү зарыл14:58   «Революцияонерлер жана мародерлор» деген чыгарма баштадым, - Ч.Абыкеев13:55   Ысык-Көлдө элди адал азык менен камсыз кылууга багытталган жыйын болуп өттү (фото)13:48   Президент көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду13:46   А.Атамбаев республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду13:40   Кемин районундагы бир нече айылдарда электр жарыгы өчөт12:34   Чаткал, Токтогул райондорунда жаштар борбору ачылды12:14   2013-жылы «Баатыр эне» наамын 9 миң 106 эне алса, ал эми «Эне даңкы» сыйлыгын 1 миң 381 эне алган (фоторепортаж)11:06   Биометриялык паспортту жасап алуу мүмкүн эмес, - УКМКнын төрагасынын орун басары А.Мамбетсеитов10:15   Жалал-Абад шаарына 10 млн 800 сомдук жол чырактары оронотулууда09:57   ӨКМдин башкы жана жетектөөчү адистери кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча окуу өткөрүлдү (фото)08:41   Гарантиялык фонддор институтун түзүү боюнча мыйзам 2-окууда добуш берүүгө жолдонду08:38   ЖККУнун күчтөрү менен куралдарынын жана аскердик техникасынын техникалык жана маалыматтык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу тууралуу протоколу ратификацияланды08:33   Унаажолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жеңилдетилген кредиттик макулдашуу ратификацияланды
16 май 2013
17:58   Депутат Т.Зулпукаров айрым эс алуу жайларында казинолор иштеп жаткандыгын билдирди17:46   Депутат М.Тиленчиева: Кара-Кужурдагы жыгач көпүрө бузулуп, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө кооптуу жагдай түзүлдү16:59   Бишкекте Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өтөт16:59   Өкмөттүн Оштогу өкүлүнө ысырапкерчиликти жоюуга кошкон салымы үчүн муфтияттын ыраазычылык барагы тапшырылды16:56   Ошто терроризмге жана радикалдуу диний агымдарга каршы туруу маселелери талкууланды16:26   Билим фестивалы өткөн күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат15:34   Баткенде Сох анклавына көз карандысыз Айгүл-Таш-Согмент жолу 2 айда бүткөрүлүп пайдаланууга берилет14:33   Чүй жана Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчөт14:12   Ошто балдары ВИЧ менен ооруган энелер аларга карата кодулоону токтотуунун жолдорун сунушташты13:57   Кара-Көл шаарында үйлөрү күйүп кеткен 2 үй-бүлөгө акчалай жардам берилди13:27   Ош шаарындагы митингден фоторепортаж12:52   Караколдо арыктар 5 млн сомдон ашык каражатка оңдолууда12:17   Ошто 40 адам нааразычылык митингин өткөрүп жатышат12:02   Жалал-Абад шаарында жылуулукка кеткен чыгым үнөмдөлөт11:59   Жогорку Кеңеш бейтаптарга ВИЧ-инфекциясын жуктурууга күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү мыйзам долбоорун 2-окууга жөнөттү11:13   Ысык-Көл облусу боюнча бир жумушчунун орточо эмгек акысы 7787,5 сомду түздү08:53   Нарында курулушу күтүлүп жаткан каскаддарга жумушчуларды каттоо күч алууда08:51   Нарында бош кызмат орундардын жарманкеси өттү
15 май 2013
17:58   Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн майрамдык салтанатында кызмат көрсөтүүчү унааларга тыюу салынды17:46   Ош шаарындагы негизги жолдорду оңдоп-түзөө иштери бул жылы 25-майга чейин бүткөрүлөт17:33   Бишкек шаарынын мэри Кыргызстандагы ТИКАнын координатору Х.Эргюн менен жолугушту (фото)16:57   Баткенде «Энелерге таазим» деп аталган бир айлык акциясы жарыяланды16:28   Бишкектеги бир нече көчөлөрдө электр жарыгы жок болот
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2013
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.